Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Россия Грузияга айбат көрсөтүүдөбү же согушка камдануудабы?


Грузия-Россия согушу тууралуу "Кара дүрмөт" деген даректүү тасмадан кадрлар.
Грузия-Россия согушу тууралуу "Кара дүрмөт" деген даректүү тасмадан кадрлар.

Батыш өлкөлөрү Москва менен мамилесин оңдоого аракет кылып жатканда, Россия кайра Грузияга кол салышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. АКШ президенти Барак Обама Москвага келерге бир жума калганда, эл аралык байкоочуларды Түштүк Осетияга киргизбей койду жана Россия Грузиянын түндүк ныптасында аскерий машыгуу өткөрө баштады.

Москва былтыр августа Грузияга согуш ачканда, анын жүйөсүн мурдакы советтик мейкиндиктеги Россиянын кызыкчылыгын камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүргөн. Россиялык аскерлердин өзүн Грузиядан күнкорсуз жарыялаган Түштүк Осетияга

Жыйындын өтө маанилүү чечими - биз НРКнын поездин токтотпойлу деп, өз ара келишпестикке жол берген жокпуз.”

Де Хооп Скеффер.

киргизилишине Батыш ынанган эмес жана былтыр жайда НАТО-Москва мамилеси токтотулган. НАТО ишемби күнү Россия менен алкасын кайра жандандырды. НАТО-Россия кеңеши - НРКнын Корфуда өткөн жыйындан соң

НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скеффер НАТО-Россия кеңешинин Корфудагы жыйынынан кийинки маалымат жыйынында. 27-июнь 2009-ж.

НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скеффердин билдиришинче, өз ара кызматташуу - терроризмге каршы күрөшүү, ядролук куралдарды жайылтпоо сыяктуу орчун иштер үчүн маанилүү. “Жыйындын өтө маанилүү чечими - биз НРКнын поездин токтотпойлу деп, өз ара келишпестикке жол берген жокпуз,” деген Скеффер Грузия боюнча эки жактын көз карашы такыр башка экенин белгелей кетти. Бирок “Россия НАТОго керек, НАТО Россияга керек”, деп кошумчалады НАТОнун баш катчысы.

Скеффердин артынан сөз алган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыштын Грузия боюнча чочулоосун негизсиз деп четке какты:

- Баарыбыз жаңы чындыкка моюн сунушубуз керек. Грузия баштаган согуштан кийин биз кабыл алган чечимдер кайра каралбайт. Алар практикалык иштерде эске алыныш керек.

28-июнда Грузиянын түндүгүндөгү Кавказ тоолорунда башталган эки жумалык машыгууга 8 миңден ашуун россиялык аскер катышууда. Машыгуу Түштүк Осетияга катар жикчил Абхазияда да өткөрүлгөндүктөн “Москва Кавказда дагы бир куралдуу калабаны баштаганы турган жокпу?” деген кооптонууга түрткү болууда. Россиянын мурдакы президенти Путиндин масилээтчиси Андрей Илларионовдун пикиринче, Москва террордук коркунучтун булагы болууда деген шылтоо менен Грузияга басып кирүүсү ыктымал:

- Россиянын пропагандисттик машинеси Грузия террордук коркунуч жаратууда, атүгүл Россиянын аймагындагы акыркы күндөрдөгү террордук аракеттер Грузиядан башат алышы этимал деген кептерди айтууда.

Учурда Вашингтондогу айтылуу Като институтунда эмгектенип жаткан Илларионовдун айтышынча, Россия Грузияга каршы согушка бир нече жыл мурда Абхазияга жана Түштүк Осетияга аскерий база куруудан баштаган. Бул эки аймакта “кичине эл чатак чоң конфликтке

айланып кетиши мүмкүн” экени Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик борбордун жаңы изилдөөсүндө да айтылат.

Москванын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун байкоочуларын Түштүк Осетиянын чек арасындагы талаштуу аймактарга киргизбей койуусу да Батышты камтама кылды. Россия ай башында Улуттар Уюмунун Грузиядагы байкоочуларын Абхазияга кирүүсүнө уруксат бербей койгон.

Ошондой эле, Грузиянын жикчил аймактарынан аскерин чыгарбай, былтыркы Франциянын арачылыгы менен жетишилген шартнамени бузууда.

Орус аскерлеринин Грузияга танапташ аймактагы көнүгүүсү 6-июлда президент Обама Россияга келгенде аяктайт. АКШ президенти, Кавказдагы кырдаалды туура түшүнүп, президент Медведев менен болчу сүйлөшүүдө Грузия маселесин кырынан койсо, жаңы согушту болтурбай койо алат, деп үмүт кылат Москвалык эксперт Павел Филгенхауер "Euroasia Daily Monitor" басылмасында.

XS
SM
MD
LG