Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:11

Орусияда эмне себептен расизм күч?


Президент Борис Тадич (солдо) ашынган улутчулдарга сөөмөй кезегенден кийин, Сербияда расисттик чабуулда кан буугандай токтогон.

Үстүбүздөгү жылы Чыгыш Европада коммунизмдин кулаганына 20 жыл толууда. Бирок бул аймакта да, Орусия, Украина, Беларус өңдөнгөн экс-советтик жумурияттарда да чет элдиктерге, түпкүлүктүү деп саналбаган улуттардын өкүлдөрүнө карата жек көрүүчүлүктөн чыккан зөөкүрдүк уламдан улам күч алып барат. Пост-коммунисттик коомдордо ксенофобиянын арааны эмнеден күчөп жатат?

– Алар мага жөн жерден эле кол салып, уруп кетишти. Жерге кулап түштүм. Үйгө араң жеттим.

Былтыр Белграддын көчөсүндө токмок жеген бул цыган киши башына түшкөн мүшкүлдү "Азаттыктын" Балкан кызматына ушундайча баяндады. Бирок анын дагы ичээр суусу түгөнө элек экен. Ал эми бул шаарда Душан Йовановиц деген өспүрүм цыган баланы мындан 12 жыл мурда такыр баштар сабап атып, өлтүрүп салышкан. Андан берки жылдары Сербияда улуттук азчылык өкүлдөрүнө кол салуулар үзүлгөн жок.

Чыгыш Европада мындай чабуул өлүм менен аяктаган учурлар сейрек кездешет. Ал эми Сербияда реформист президент Борис Тадич былтыр февралда бийликке келгенден кийин ашкере улутчулдук менен күрөшүүгө убада кылган. Ушундан кийин өлкөдө ксенофобиялык кол салуулар кан буугандай токтоду. Бул да болсо ксенофобиянын бийлик структуралары менен канчалык тыгыз байланышта экендигин айгинелейт.

Москвада жайгашкан Этнографиялык жана антропологиялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Эмил Паиндин айтымында, пост-коммунисттик аймактагы ксенофобиялык сезимдер иденттүүлүк кризисине барып такалат:

– Негизги себеби – иденттүүлүк кризиси. Эски система кыйрап калды, жаңысы түзүлө элек. Бул өлкөлөрдүн баарында улуттук проццестер өтүп жатат. Империялар, тоталитардык коомдор кулаганда, бул боло жүргөн нерсе.

Советтик бийлик «элдердин достугу» деп жар салган менен, улуттар арасында бир биринен обочолонуу күчтүү болгон, улуттук ар кылдуулук бапестелген эмес, улуттук азчылыктар караланып, депоратацияланган. Ушундан улам, СССР кыйрагандан кийин мунун баары ксенофобия менен анти-семитизм сыяктуу дымып жаткан өкүнүчтүү көрүнүштөр оргуштап сыртка чыкканына таң калып болбойт.

Паин пост-коммунисттик өлкөлөр али толеранттуулукту үйрөнө электигин мындайча белгиледи:

– Бул өлкөлөрдүн бири да демократия, аны менен чиркеш жүргөн толеранттуулук дегенди эч качан башынан өткөрөн эмес. Толеранттуулук албетте улуттук азчылыктарга гана тийешелүү болбойт. Ал саясий болобу, иделогиялык же коомдук айырмачылыктарга карабастан, ар бир адам өз пикирин билдирүүгө, өз пикирине ээ болууга укуктуу экендигин түшүнүүгө байланыштуу болот.

Украинада расисттик чабуулдардын эң каргашалууларынын бири катары түштүк кореялык жаранды кырма баштар темир шиш тагылган батинкелери менен башка тепкилеп жатып өлтүргөн окуяны атасак болот. Бул кылмышка байланыштуу апрел айында төрт жаш жигит 13 жылдан эркинен ажыратылды.

Башында аларга «денеге зак келтирген, тентектик кылган» деген жеңил-желпи кинелер тагылган эле. Түштүк Кореянын Киевдеги элчилигинин тынымсыз кайрылууларынан кийин гана аларга киши өлтүрүү жана расисттик жек көрүүчүлүк боюнча айыптар коюлган. Ошондо да баш прокурордун кеңсеси расисттик айыптоону алып салууга бир топ аракет жасады.

Жон Далхюсен Эл аралык Мунапыс уюмунун Европадагы жана Борбор Азиядагы дискриминация боюнча изилдөөчүсү. Ал учурдагы экономикалык кризистин шартында расизм менен күрөштө саясий чечкиндүүлүктүн жоктугу айрыкча коркунучтуу экендигин белгилейт:

– Кризис коомдогу чыңалууну, нааразычылыкты күч алдырып, азчылык жамааттарын күнөөлөгөндөр көбөйүп жатат.

Чабал атуулдук коом жана укук корогоочулардын куугунтукка кабылышы айрыкча Орусияда кырдаалды татаалдаштырууда. Анти-расисттик Сова уюмунун билдиришинче, үстүбүздөгү жылы Орусияда жыл башынан бери 147 неонацисттик, расисттик чабуулдар катталса, аларда 30 кишинин өмүрү кыйылды.

Тасмада: Сербия: Улутчулдар цыгандарга каршы

Акыркы жылдары Сербияда теги цыгандарга кол салуулар күч алды. Бирок цыгандардын айрым лидерлери көзгө жылма расизмдин түрү өтө коркунучтуу болгонун ырасташат. ZMa.

Сербия: Улутчулдар цыгандарга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG