Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Орусияда журналисттерди колдогон митинг өттү


14-ноябрда Москва, Екатеринбург, Санкт-Петербург, Самара жана Калининград шаарларында митинг өтүп, анда журналисттердин коопсуздугун сактоо талабы коюлду.

Химки токоюн коргоочулар өткөргөн митингде мындан эки жыл мурда катуу сабалып, бир бутунан айрылган журналист Михаил Бекетовго кол салгандарды жазалоо талабы коюлду.

Ноябрдын башында Химки токоюн коргоп макала жазган журналисттер Константин Фетисов менен Олег Кашинди белгисиз адамдар сабап кеткен. Азырынча кол салгандар кармала элек.

6-ноябрда үйүнө кирип баратканда “Коммерсант” гезитинин журналисти Олег Кашинди белгисиз адамдар катуу сабап, ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

Эки жыл мурда журналист Михаил Бекетов өзү жашаган Химки шаарынын кыйырындагы токой менен Москва – Санкт-Петербург жолун салууга каршы бир нече макала жазып, аны да белгисиз адамдар катуу сабап кеткен. Ошондон кийин журналист бутунан айрылып, майып болуп калган. 4-ноябрда Химки токоюн коргоочу Константин Фетисов да белгисиз адамдардын чабуулуна дуушар болгон.

“Яблоко” партиясынын мүчөсү Игорь Яковлевдин айтымында, журналисттерди коргоо акциясы “саясий ур-токмокко каршы” деген ураан алдында өттү. Себеби Михаил Бекетов жазган макалага нааразы болуп, Химки шаарынын башчысы, бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Владимир Стрельченко сотко кайрылган, аны утуп алган. Соттун чечими менен майып журналист 500 миң рубль айыпка жыгылган. Жакында коомчулуктун кийлигишүүсү менен бул иш сотто кайра каралды.

Москвада өткөн митингде “Яблоко” партиясынын мүчөсү Артур Гроховский “шаар башчы катары Стрельченко жарабайт. Ал элдин кызыкчылыгын көздөбөйт. Андыктан кызматынан кетсин”,-деп айтты.

Митингдин катышуучулары “кылмыш жасагандарды жоопко тартууну талап кылабыз” деп кыйкырып турушту.

Журналисттерге кол салууда саясий боек болгонун адистер да жашырбайт. Саясаттын курмандыгы болгон журналисттердин арасында Анна Политковская, Наталья Эстемирова, Анастасия Бабурова, Станислав Маркелов жана башкалар айтылып жүрөт.

Москвада митинг өткөрүүгө жаңы мэр уруксат берген, бирок ага катыша турган адамдардын саны алдын ала макулдашылган. Мисалы, бийлик тарабынан ордо калаада митингге беш жүздөн ашык киши катышпашы керек деген талап коюлган.

Бир катар шаарларда өткөн акцияларды Химки токоюн коргоочулар кыймылы, “Яблоко” партиясы, “Тилектештик”, “Башка Орусия” кыймылдары уюштурду.

Акыркы убактарда укук коргоочулар жана журналисттерге кол салуулар көбөйгөнүнө байланыштуу президент Д.Медведевдин демилгеси менен тиешелүү мыйзам долбоору даярдалууда.

Маалыматтарга ылайык, акыркы беш жыл ичинде Орусияда 350 журналистке кол салынган. Алардын кырк бири көз жумган.
XS
SM
MD
LG