Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Орусия: токойдон улам чыккан жаңжал


“Орусиянын жолдору” мамлекеттик ишканасы Москвадан Санкт-Петербургга чейин жаңы жол салууга киришти. Бирок ара жолдо жашаган тургундар нааразылыгынан улам жумуш токтоп калды. Москванын алдындагы Химки району менен өтчү жерде токой кыйыла баштаганда жергиликтүү тургундар, айлана чөйрөнү коргоочулар мөөнөтсүз нааразылык акциясына чыгышты. “Green Peace” уюмунун өкүлдөрүнүн баамында, жолду токойдун четинде салса дурус болмок.

Москвадан Санкт-Петербургга чейин унаа жүрүүчү жол салуу маселеси 2004-жылы чечилген. Анын 43 чакырымын төшөө азыр башталган. Бирок долбоорду аткара келгенде жергиликтүү тургундардын нааразылыгы чыкты. Бул иш сотко чейин жетип, 2010-жылы Жогорку Сот өкмөттүн чечимин колдоп берген. Ошондон улам ара жолдогу 144 гектар токой кыйылышы керек болчу.

Айлана чөйрөнү коргоочулардын токой Москваны таза аба менен камсыз кылганын, ал кыйылса кыйла жылдарга тургундар таза абадан айрыларын айткан сөздөрү сотту ынандырган эмес. Жаңы жолду салуу иштери башталып, Шереметьев аба майданынын жанындагы токойду кыюу кызуу жүрүп жатканда, 15-июлда нааразы болгон жергиликтүү тургундар каптап кирип, жумушту токтотушкан.

“Орусиянын жолдору” ишканасы айлана чөйрөнү коргоочулардын “токой уруксатсыз кыйылып жатат” деген сөздөрүн жокко чыгарды. Ошол эле учурда Химкидеги токойду кыюу үчүн эч кандай чечимдин кереги жок деп да айтышкан. Андай жоопту уккан Мамлекеттик Думанын депутаты Евгений Федоров “колдорунда декрети жок токойду кыйгандарды түрмөгө отургузса болот” деп айтты.

Жаңы түзүлгөн “Химки токоюн коргоо” кыймылы токойду кыйгандарды сүрүп чыгарып, ал жерге чатыр тигип, 15-20 кишиден турган топ күнү-түнү кайтарып турууда.

РИА Новости Химкидеги жагдай боюнча Москва облусунун прокуратурасы иш ачканын Александр Моховдун айтканына шилтеме жасап белгилейт. “Green Peace” уюмунун өкүлү Сергей Агеев токойду кыюу кантип токтотулганын мындайча айтып берди:

- Эртең менен биз эки топко бөлүнүп токойго кирдик. Бул жерде алты жумушчу токой жыгып аткан экен. Тиги жерде кароолчулар жана алардын карагай жыкчу унаалары турат. Биз алардан ишти токтотуусун талап кылдык.

Тараптардын бул кармашында “Химки токоюн коргоо” кыймылынын лидери Евгения Чириковага белгисиз бирөө кол көтөргөн. Евгения Чирикова түнүндө аларга жалаа жабуу максаты менен тракторду өрттөп салышканын айтат:

- Түнкү саат үчтөрдө алар таштап кеткен унаалардын бири күйүп атканын көрдүк. Аны токой кыйгандар таштай качышкан.


“Орусиянын жолдору” ишканасы менен франциялык VINCI курулуш ишканасынын ортосундагы келишим бир жыл мурда түзүлгөн. Жол салуу иштери үч жылга созулуп, ага 60 миллиард рубль жумшалып, анын 23 миллиардын мамлекет төлөйт.

Москва шаардык айлана чөйрөнү көзөмөлдөөчү коомдук уюмдардын жетекчисинин бири Андрей Маргулов буларды айтат:

- Айлана чөйрө талабынан ала келгенде Москванын түндүк тарабы абдан булганыч. Унаа абдан көп өткөн жолдор, акыр-чикир өрттөп туруучу сооттон баштап канчалаган ишканалар ушул жакта. Токой аларды тазартып турат. Эгерде андан эл айрылса анда айыкпас илдеттен адамдар башы чыкпайт.

“Green Peace” уюмунун өкүлдөрүнүн белгилегенине караганда, Химки токоюн кыйып олтурбай эле жол салуу мүмкүн. Себеби токойдун асты да, үстү да бош.

XS
SM
MD
LG