Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Айтылуу укук коргоочу Сергей Ковалев 80 жашка чыкты


Сергей Ковалев
Сергей Ковалев

Совет тушундагы дисседент, орусиялык адам укугун коргоочу Сергей Ковалев 80 жашка чыкты. Ковалев Украинанын Сумской областында туулган. МГУда окуп, «биофизика» адистигин алып чыккан. Биологиялык илимдердин кандидаты ошондой эле ондогон илимий эмгектердин автору.

Алтымышынчы жылдардан тартып Ковалев советтер өлкөсүндө адам укугун крогоочу кыймылга жигердүү катышкан. 1975-жылы советтик бийликти каралады деген кине менен 7 жылга катуу режимдеги лагерге кесилип, анын үч жылын сүргүндө өткөргөн.
Сергей Ковалев 90-жылдардын башында Орусиянын депутаты болуп андан кийин – «Оңчулдар күчү союзунан» Мамдумага депутат болуп шайланган. Токсонунчу жылдар ортосунда Орусия президентинин алдында адам укугу боюнча комиссияны жетектеген.

Адам укугун коргоочу Сергей Ковалевдун атын укканда Чеченстан көз алдыга келет. Эмне дегенде Чечен согушу чыккандан бери анын ага мамилеси кескин терс болуп, каршы туруп келет. 1995-жылы Буденовск шаарында оорукананы Шамил Басаевдин кишилери басып алганда, ал кездеги өкмөт башчы Виктор Черномырдин аны менен байланышка чыгуу үчүн үгүттөп, барымтада жаткан бир жарым миңдей кишинин жанын сактап калууда Ковалевдун көмөгү айрыкча болгонун айтышат.

Сергей Ковалев ал жылдары Орусия президентинин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссияны жетектеп турган. 1996-жылы чечен согушунда Борис Ельцинди демократиялык жолдон четтегени үчүн сындап ачык кат жарыялап, ошондон кийин өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Советтик Укранада тулуп, Москвада билим алганы менен Сергей Ковалев алтымышынчы жалдары Советтер Союзунда жашыруун пайда болгон адам укугун коргоо кыймылды негиздеген. Акыры кармалып, саясый кине менен 1975-жылы жети жылга кесилген.
Азыркы тушта ич оору болгон көрүнүш деп Ковалев өлкөдө саясый башкарууну кедеринен кетүүсүн белгилейт. Совет тушундагыдай элдин бийликке баш ийип берүсүнө ичи ооруйт.

«Азаттык» менен болгон баарлашуусунда Сергей Ковалев:

- Биздин Баш мыйзам сталиндик Баш мыйзамдан эч айырмасы жок болуп калышы бетибизди кызартпайт, шайлоолор кайрадан болбой калышы бетибизди кызартпайт, майданга чыгалы деген эч ким жок, бийликтин калп айтып атканын көрүп турушса да былк эткен киши жок - дейт.

Кийинки муун арасында Ковалев туурасында ар кыл пикир бар. Маселен, жаш саясатчы Мария Гайдар айтымында:

- Сергей Адамович Ковалев кезегинде Пермь-36да олтурган, өз жанын, башын сайып коюп советтик режимге каршы чыккан, ошол эле учурда Сергей Адамович Ковалев кийин кандайдыр ачык кат да жазды, дагы башка иштерди жасады мен аларына макул эмесмин.

Өзүнүн жашоосу менен адамдарга өрнөк боло алган Ковалев бир эле Орусия эмес батышка да таасири бар атактуу инсан экенин «Азаттык» үналгысынын орус редакциясынын башчысы Ефим Фиштейн айтат:

- Сергей Ковалев өзүнүн кантип өмүр сүрүү жолу менен азыркы адамдарга адептүүлүктүн бедели болуп кызмат өтөөдө.

Өткөн жылы октябрь айында Евробиримдик алдында жылдын эң мыкты адамы деп таанып Сергей Ковалевго башкалар менен бирге Сахаров атындагы сыйлык ыйгарган.

XS
SM
MD
LG