Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Москвада көп кабаттуу үйдөн кыргызстандык кыз кулап өлдү


3-июнда Москвадагы Новомарьинск көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыргызстандык жаран учуп түшүп, каза болгон.

Ал өз жанын өзү кыйганы айтылууда. “Азаттыктын” кабарчысы Консулдук бөлүмдүн юристи Бакыт Молдожановго буга байланыштуу айрым суроолорду узатты.

“Азаттык”: -
Москвада кыргызстандык кыз өз жанын өзү кыйып, бийик кабаттуу үйдөн секирип кетип көз жумган экен. Ушул чынбы?

Б. Молдожанов: - Ооба, мындай окуя болду. Азыр ошону менен алек болуп атабыз. Бул ишти Новомарьинск ички иштер бөлүмү Люблинск райондор аралык прокуратурага өткөрүп берди. 7-июнда тергөөчү дайындалат.

“Азаттык”: - Набыт болгон кыздын аты-жөнүн айта аласызбы?

Б. Молдожанов: - Ал 1987-жылы туулган Зулпикарова Гузал экен.

“Азаттык”: - Кыргызстандын атуулу бекен?

Б. Молдожанов: - Кантсе да кыргыз го. Зулпукарова деп турат. Бирок аты Гузал экен. Кайсы жерден экени азырынча белгисиз. Тактап атабыз.

“Азаттык”: - Өзү секирип кеткени чын бекен, же кокустук болуппу?

Б. Молдожанов: - Бизде азыр андай маалымат жок. Текшерилип атат. Азыр тактап, сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн туугандарын табууга аракет кылып атабыз.
XS
SM
MD
LG