Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Орусия: Кенчилерге тилектештик билдирген митингдер өттү


"Алексиевская" көмүр кенинде жарылуу болгон.
"Алексиевская" көмүр кенинде жарылуу болгон.

22-майда Орусиянын бир катар шаарларында Кузбасстын көмүр казуучуларына тилектештик билдирген акциялар өттү. Москвада жүздөн ашуун киши катышкан митинг болуп, анда Орусиянын өкмөт башчысы менен Кемерово облусунун акимин кызматтан алуу талабы коюлду.

Митинг учурунда чыгып сүйлөгөндөр 9-майда «Распадская» кениндеги кайгылуу окуя үчүн жоопкерчилик толугу менен Владимир Путин жана Аман Түлеевдин мойнунда болгонун айтышты. Аталган кендеги жарылуудан 66 көмүр казуучу набыт болуп, 24 кенчи дайынсыз жоголду.

Кузбасстын көмүр казуучуларын колдогон акциялар Петербург, Владивосток жана Калининградда өттү.

Москвадагы митингде мамлекет башчы Дмитрий Медведевге Кузбасс көмүр казуучуларынын абалына көңүл буру чакырыгы болгон. Ага “Солчул фронт”, Орусия координациялык кеңештер союзу, “Биргелешкен аракет” институту, “Алга” кыймылы жана профсоюздардын “Коргоо” уюмунун өкүлдөрү катышты.

22-майда “Кузбасс тургундарынын союзу” деп аталган коомдук уюм облус боюнча 15 шаарды “Распадская” кенинде курман болгондордун үй-бүлөсүнө колдоо көргөзүүгө арналган митингдерге чыгууга чакырган.

8-9-май күндөрү кендеги эки жарылуудан он күн өткөндө ошол эле Кемерово облусундагы “Алексиевская” кенинде да кырсык болуп, эки көмүр казуучу өлгөн. Маркумдарды эскерүү күнү бир гана Кемеров облсунда жарыяланган. Ошондуктан 22-майда Кузбасс кенчилери менен тилектештигин билдиргени чыккандар ушунча киши өлүп атса жалпы улуттук аза күтүү жарыяланбаганына нааразылык билдиришкен.

Владивосток шаарында өткөн митингде жергиликтүү депутат Дмитрий Долгачев мындай дейт:

- Бийлик улуттук деңгээлде аза күтүү жарыялаш керек болчу. Бирок өзү бийлик кетирген катасына элдин көңүлүн бурдургусу келбейт. Бул кен Абрамовичтин менчиги экенин айтуудан тайсалдашат.

Жер-жерлерде акцияга чыгууну каалагандарга бийликтин бут тосуусу болгон. Мисалы, Благовещенск, Амур облусунда, Москва, Санкт-Петербург, Междуреченск шаарларында андай акцияга бийлик уруксат берген эмес. Ага карабастан Москвада пикетке чыккан “Солчул фронттун” өкүлү Сергей Удальцов митингде саясий талаптар болгонун белгиледи:

- Кадрлар арасын олуттуу түрдө тазалоо талабы коюлду. Аким А.Түлеевди, өкмөт башчы В.Путинди кызматтан кетирүү тууралуу да сөз козголду.

Адистер жергиликтүү калк бийлик менен жөөлөшүүгө батына албай аткан учур дейт. Себеби ишсиз отургандар катары көп жана кишини жумуштан кетирүү оңой. Ошондуктан кузбасстык кенчилер ордо шаары Междуреченск мэри ачык айтып, жумуштан кетем десеңер митингге чыккыла деп козуткан. Ага карабай ал күнү митингге 10 киши чыккан. Алар жашоо шарттын оор болгонун айтышкан. Көмүр казуучу Андрей Тиморшин мындай дейт:

- Кенчилер, албетте, маянасынын жарытылуу болушун каалашат. Себеби бидин шаарда көмүр казуу гана бар. Андан башка жумуш орун жок.

Бийлик Кемерово облусунун Новокузнецк шаарында митингге уруксат берген. Ал жерде тилектештик иш-чарасына 300дөй киши чыккан. Калининград шаарындагы митингге 70ке чукул киши катышкан.

XS
SM
MD
LG