Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Москванын жаңы мэри чечкиндүү кадамдарга барууда


Жаңы мэр Сергей Собянин.
Жаңы мэр Сергей Собянин.

Москванын жаңы мэринин буйругу менен метронун станцияларында жана аянттарда майда соода түйүндөрү алына баштады.

Маалыматтарга караганда, Москвада гезит саткан күркөлөр гана калмакчы. Бирок буга дейре өз аймагын майда соода түйүндөрү үчүн ижарага берип келгендерге шаар бийлигинин жообу кандай болору белгисиз.

Москвада бир аптанын ичинде метролордун кире беришинде бир катар кичи дүкөндөр алынып, жалгыз гана жайма базар эмес, толгон токой соода түйүндөр да жок кылынууда. Ал жерде иштегендердин көпчүлүк бөлүгүн түзгөн мигранттар мында утурумдук да, туруктуу да акча таап келген. Ошондон улам жаңы шаар башчынын буйругу адегенде мигранттарга залакасын тийгизүүдө.

С.Собянин кызматка бекиген күнү, 30-октябрда, алгач шаарды кыдырып чыгып, метро бекеттери менен ири аянттарда айдоочуларга тоскоол болгон тосмолор көп болгонун, кичи дүкөндөрдүн жайылып кеткенин сынга алган. Жаңы мэр мунун бардыгы шаардын көркүн бузуп жатканын айткан.

Маалыматка ылайык, ордо калаанын борборунан алына турган күркөлөрдүн саны 600дөн ашат. Мындай күркө ээлерине 4 күн убакыт берилген, эгерде бул мөөнөттө дүкөнчүлөр көчүп кетпесе анда күркөлөр түрттүрүлөрү маалымдалган. Бошотулган аймакка 250 миң орундуу унаа токтотуучу жайлар салынмакчы. Шаар башчысы бул жолдордогу тыгынды азайтат деп ишенет.

Мындан сырткары шаардын чок ортосуна чакан имараттарды курууга да тыюу салынды.

Чындыгында эле шаар тургундары унаалардын тыгындысынан тажады. Ушундан улам жаңы мэр Сергей Собяниндин мындай чечкиндүү аракети москвалыктарга майдай жакты. Айрым адистер мэрдин аракеттерин алдыдагы шайлоолор менен байланыштырууда. Адис Алексей Мухин буларды айтат:

- Жалгыз гана дүкөндөрдү түрттүрүп салып, мурда курулбаган имараттарды тургузуу эмес, Собяниндин өз курулушу менен алек болор кез келет.

XS
SM
MD
LG