Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Медведев-Путин тандемине Обама жик салгысы келеби?


Барак Обама Вашингтон менен Москванын мамилелерин гана кайра оңдоп түзбөстөн, ошондой эле орус коому менен да алакаларды жаңылагысы келет. Жакында ал Медведевди мактап, Путинди сынга алып, орустардын ички саясий иштерине кийлигишип жаткандай таасир калтырды. Бүгүн ал орус оппозициянын өкүлдөрү менен жолугат. Муну байкоочулар батыл, ошол эле учурда тобокелдүү стратегия деп аташты. Бирок анын бул стратегиясы кандай натыйжа бериши мүмкүн?

Барак Обама Москвага жол тартар алдында Associated Press агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып: "Биз президент Медведев менен алга адымдап жаткан чакта россиялык-америкалык алакаларга кансыз согуш маалындагыдай мамиле жасоо эскирип бүткөнүн Путин билип койгону маанилүү. Медведев муну түшүнөт деп ойлойм. Менимче, Путин бир буту менен мамилелерди өнүктүрүүнүн эски жолунда, экинчи буту менен жаңы жолдо турат",-деп айткан эле.

Анын ушул сөзүн бөлүп көрсөтүп, "Московский комсомолец" гезити Вашингтон Россиянын ички саясий турмушуна ачык кийлигишип, Кремлдеги башкаруучу тандемди "ажыратканга" аракет кыла баштады деп белгилеген.

Обаманын бүгүн орус оппозициясы менен белгиленген жолугушууларында Кремлдин атына бир топ катаал сын-пикирлер айтылары калетсиз. Жолугушууга Борис Немцов, Гарри Каспаров, "Яблоко" партиясынан Сергей Митрохин, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов катышат. Акыркы кездери азыркы жетекчилерди активдүү сындай баштаган Михаил Горбачев менен Обама өзүнчө жолукканы жатат.

Оппозициядагы "Тилектештик" тобунун лидери Борис Немцов бүгүнкү жолугушуу "дүйнөнү дүңгүрткөн деле жаңылык болбойт", ошентсе да мунун символикалык жагы бар деп эсептейт.

"Бул Россия үчүн маанилүү, анткени мунун аркасында дүйнө Россия жалаң ырасмий путинизмден, анын коррупцияланган мамлекеттик капитализм стратегиясынан гана турбасын, буга таптакыр макул болбогон адамдар жана саясий күчтөр бар экенин билет. Бул туюктан чыгуунун башка жолу бар, ал - эркин жана демократиялык Россия деп ойлогон адамдар бар экенин билгенге дүйнө мүмкүндүк алат",- дейт Немцов.

Обаманын оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушууну чечкенин Немцов бир кездеги президент Рейгандын батылдыгына салыштырды. "Президент Рейган ошо кезде Горбачев менен жакшы мамиледе болгон, буга карабастан академик Андрей Сахаров менен жолугушкан. Америкалык президент эркиндик, мыйзамдын улуктугу жана демократия үчүн күрөшүп жаткандар менен жолукпай коё албайт, бул анын варианты эмес",-дейт Немцов.

Ак үйдүн коопсуздук кеңешинин Россия жана Евразия бөлүмүнүн башкы директору Майкл Макфол да президент Обама орус эли менен "тикелей байланыш түзгөнү" жатканын айткан эле. "Орустардын өкмөтү менен жакшы мамилеге өткүбүз келгендей эле орус коому менен да жакшы алакада болгубуз келет. Азыр 1974-жыл эмес, а кездегидей курал-жарак көзөмөлү жагынан СССР менен кол коюлган келишимди аткаруу менен гана чектелбей, орус өкмөтү жана орус эли менен көп кырдуу мамилелерде болгубуз келет".

Ошол эле учурда бир катар эксперттер орус коомундагы антиамерикалык маанайды эске алганда, дүйнөдө кеңири белгилүү болуп турган Обамадай президент деле оппозицияга пайда эмес, зыян келтирип коюшу ыктымал экенин эскертишти.

Санкт-Петербургдагы Европа университетинин модернизациялык ыкмаларды изилдөө борборунун эксперти Дмитрий Травин орус коомуна позитивдүү таасир көрсөтүшү үчүн Обамага адегенде АКШнын дүйнөлүк аброй-беделин кайра тикелеши керек деп эсептейт. "АКШнын саясий кадыры ошондо Россиядагы саясий кырдаалга күчтүү дем бермек. Ирактагы уруштан кийин АКШнын бедели түштү, орус либералдары алсырады. Анткени алар үчүн он же жыйырма жыл мурдагыдай таянар, карманар авторитет калбай калды. Мындай шартта элди демократиянын принциптерине жана идеалдарына ынантыш кыйын. Эгер АКШнын кадыр-баркы Рейгандын тушундагыдай деңгээлде болгондо, анда орус коомунун аң-сезими өзгөрүшү мүмкүн эле".

Орус элитасы азыр жиктелип турган учур. Обаманын орус коомуна ичтен дем берүүгө умтулган аракети тетири натыйжаларга алып келиши да ажеп эмес. "Россия глобалдык саясатта" журналынын башкы редактору Федор Лукяновдун айтымында, Обама менен Путиндин бүгүнкү жолугушуусу кандай кырдаалда өтөт, ушул маселенин чечүүчү мааниси бар. "Обама менен Путин сүйлөшкөн учурда өз ара туура абаз таба алышабы, көп нерсе ушуга жараша болот. Обама Медведев менен келишим түзүп, бирок Путин менен тил табыша албай калышы да ыктымал. Мындай учурда кандайдыр бир келишимдерди жүзөгө ашыруунун мүмкүндүгү азайат".

Айрым аналитиктер, алардын ичинде Дмитрий Травин Россиядагы авторитардык саясий турмушту Медведев либералдаштыра аларына анчейин деле ишене бербейт.

"Эгер Обама чын эле Медведев менен жакшы ымала күткөнгө жетишсе, анда бул орус президентинин беделин анча-мынча жогорулатканга огожо болушу ыктымал. Ошол эле учурда бул Путинди жаман, Медведевди жакшы деп эсептегендердин да ич ара жиктелишине алып келиши мүмкүн. Бирок башкы кеп – Медведев өзү чын эле бирдемени өзгөрткүсү келеби, мына ушунда. Ал буга чейин айрым бир символикалуу ишарааларды гана кылганы болбосо өлкөнү либералдаштыруу жагынан реалдуу эч кандай кадамдарды жасаган жок, жасары да күмөн".

Кечээки сүйлөшүүлөрдө Обама менен Медведев стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча быйыл жыл этегинде түзүлө турган келишимдин түйүндүү жоболорун макулдашты. Мындан тышкары ракетадан коргонуу системасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү улантууну чечишти, бул темада билдирүү кабыл алышты. Орус-грузин жаңжалынан улам токтоп калган аскерий кызматташтыкты кайра жандантуу тууралуу документке кол коюлду. Дагы бир макулдашууга ылайык, Россия өзүнүн аба мейкиндиги аркылуу Ооганстанга аскер жана курал-жарактарын ташып өткөнгө АКШга уруксат бермей болду.

XS
SM
MD
LG