Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Орусиянын бир катар шаарларында митингдер өттү


18-апрелде Орусиянын алты шаарында бийликтин уруксаты менен митигдер өттү. Анда турак-жайга төлөнчү акыны арзандатуудан тарта жаштардын абалына көңүл буруу талаптары койулду. Митингдин катышуучулары жергиликтүү бийликтин жаңыланышын да талап кылышты.

Төмөнкү Новгороддо “ГАЗ” унаасын чыгарган заводдун мурдагы жумушчулары митинг уюштурду. Алар ишсиз калганы аз келгенсип, турак-жай акысынын жүз эсе жогорулашына нааразылыгын билдиришти. Болжол менен 700дөй үй-бүлөгө “Горький” атындагы унаа заводу же акы төлөөнү, же үйдү бошотууну талап кылган.

Ал эми Иркутск шаарындагы акция туурасында “Азаттыктын” кабарчысы Екатерина Вертинская буларды айтат:

- Тогуз айдан бери нааразылык акциясын өткөрүп келаткан ангаралыктарга бул жолу Черемхов, Усол-Сибир, Иркутск, Шелехов жана Байкалдын тургундары кошулду.

Митингге 4 миңдей киши катышты. Алар тарифтердин кымбатташына, коррупциянын күч алышына нааразы болушту. Айрымдары бийликтен ишеним кеткенин айтып, аткаминерлерди иштен алыуу керектигин белгилешти.

Бул ирээт мурдагыдай муниципалдык жетекчилерди гана эмес, губернатор Юрий Параничевди кызматтан кетирүү талабы койулду. Айрымдар “эгерде талабыбыз аткарылбаса, кыргыздардай өзүбүз иштен алабыз” деп айтышты.

Самарада митингге 500дөн ашуун киши катышты. Алардын басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. Анда жаштардын атынан сөз сүйлөгөндөрдүн бири “өкмөт биздин келечегибиздин жыргалдуу болушуна кепил болуп бере албайт экен, анда бизге андай өкмөттүн эмне кереги бар?” деп суроо узатты. Митингдин катышуучулары “биз келесоо жаштар эмеспиз, өкмөт кетсин! Биз каршыбыз!” деп кыйкырып турушту.

Самарадан “Азатыктын” кабарчысы Сергей Хазов буларды айтат:

- Каршылык акциясынын аягында чогулгандар президент Дмитрий Медведевге жаштар маселесине көңүл буруу тууралуу талап коюп, атайын кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG