Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Орусия: “кожоюнга” жакпай калган кеп, таратылган митинг


31-майда Москвада “Макул эместердин” маршын кууп-таркатылышын орусиялык укук коргоочу уюмдар өз алдынча иликтемей болушту. Москвадагы Хельсинки тобунун жетекчиси Людмила Алексеева иликтөөнүн жыйынтыгын басма сөздө жарыяланмакчы. Укук коргоочулар акцияга чыккандардын тартип коргоо кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынышын айыптап, аларга кылмыш ишин козгоо маселесин көтөрүшүүдө.

Бул күнү акция маалында 170 киши камакка алынган. Митингди тараткан тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, айрым демонстранттар жаракат алган.

Эркин жыйын өткөрүү укугун талашкан акция Орусиянын бир нече шаарында өттү. Орусияда оппозиция менен укук коргоочулар көптөн бери Баш мыйзамдын 31-беренесин коргоо үчүн акцияларды өткөрүп келет. Бул жолу мындай акция өзгөчө ырайымсыздык менен таркатылды.

Саясат талдоочу Алексей Малашенко бийлик мындай аракеттери менен элдик көтөрүлүштү алдын алууда деп эсептейт:

- Улам бир жерден жарандар баш көтөрүп, бир туруп кенчилер, бирде дагы бир тараптын нааразылыгы өтүп атканда бийлик ушундай аракет көрүүдө. Ошондуктан бийлик мурда болуп көрө элек ыкма менен аларды басууга мажбур.

Дайыма эле оппозиция митинг өткөргөнү сураган аянт бийлик партиясынын жаш канаты же бийликти колдогондорго гана берилип келет. Бул жолу да Москванын Триумф аянтын “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жаш канаты ээлеген.

Оппозиция аянтта митинг өткөрүүгө уруксат сурап бир канча ай мурда эле кайрылса да, “Макул эместер” кыймылына шаардын чет жакасында орун сунушталат. Бирок оппозиция буга макул эмес. Ушундан улам 31-майда акыйкатчы Владимир Лукин “Бирдиктүү Орусия” фракциясынан депутат Максим Мищенкого "эмне үчүн дайыма эле силер биринчи болуп арыз киргизип каласыңар?” деп суроо узатты. Мищенко оппозицияга башка аянт сунушталганын, бирок алар мындай сунушка макул болбогонун айтып кутулду.

Оппозициянын бул жолку нааразылык акциясынан улам 30-майда өкмөт башчы Владимир Путин менен белгилүү рок ырчысы Юрий Шевчук кайым айтышып кеткен. Шевчук “31-майда “Макул эместердин” маршы күч менен таратылабы же таратылбайбы?” деп суроону кабыргасынан койгондо, Путин ал аянтта демонстрация өткөрүүгө уруксатты жергиликтүү бийлик гана бере ала турганын айтып, коомдогу чабал жерди бийликке көрсөтүп бергени үчүн оппозицияга ыраазы болуш керектигин кошумчалаган.

Ушундан улам митингге катышуу үчүн келип, бирок анын күч менен таркатылышына күбө болгон укук коргоочу Людмила Алексеева Путиндин сөзүн ар кандай түшүнүүгө болоорун айтат.

Байкоочулардын баамында, ырчы Юрий Шевчуктун “тартип коргоо кызматкерлери элге эмес, “кожоюндарына” баш ийет” деген сөздөрү Владимир Путинге катуу тийген.

31-майда Баш мыйзамдын 31-беренесин коргоо митингдери Москвадан сырткары Санкт-Петербург, Кемерово, Владивосток шаарларында да өттү.

XS
SM
MD
LG