Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Ставрополдогу террордук чабуулдун артында кандай күчтөр турат?


28-майда Ставрополь шаарында мындан эки күн мурда террордук чабуулдун жети курмандыгынын сөөктөрү жерге берилип, аза күтүү жөрөлгөсү болду. Чабуул маалында жараат алган отуздан ашуун киши ооруканада жатат. Ставрополдун борборундагы концерттик залдын жанында жардырылган бомбадан 40тан ашуун киши жабыркаган.

26-майда Ставрополдо Чечен жумуриятынын “Вайнах” аттуу бийчилер ансамбли оюн койгону жаткан залдын капталында жардыруу болгон. Чечендер көргөзүп аткан оюнга кавказдыктардан башка эч ким келмек эмес, ошон үчүн бул жардырууга орус улутчулдардын тиешеси бар деген пикирин “Сова” борборунун адиси Галина Кожевникова билдирди:

- Тергөөчүлөр аныктоосунда неонацисттер айыптуу деген жыйынтык болсо анда таң калычтуу эмес.

Жардырууга дуушар болуп өлгөндөр үй-бүлөсүнө бир миллион рублден жөлөк пул бере тургандыгын Орус өкмөтү билдирди. Кузбасстагы жарылууда өлгөн кенчилер үчүн да бир миллион рублден берилген.
Ырасмий түрдө жардырууну террордук чабуул деп, бирок аны улуттар аралык араздашуудан улам жасалганын же ишкерлер атаандашуусунан улам жасалганын териштире келгенде ар башка божомол айтылуда. Муну орус улутчулдары уюштурган эмес деген пикирди таанымал серепчи Иван Сухов айтат.

Түндүк Кавказдагы маселелер чечилмек турсун кайра чиеленишкенин адис Руслан Мартагов айтты:

- Эми орус улутчулдардын кулагы кылтыйып көрүнө баштады, кавказдык исламчыл радикалдардын, атайын кызматтардын кулагы көрүнүүдө.

XS
SM
MD
LG