Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Медведев катаал чараларга кайыл


Дагестан -- Россия президенти Дмитрий Медведев Махачкаладагы жыйында террорго каршы катаал чараларды көрүүнү бийликтерге табыштады.
Дагестан -- Россия президенти Дмитрий Медведев Махачкаладагы жыйында террорго каршы катаал чараларды көрүүнү бийликтерге табыштады.

Орус президенти Дмитрий Медведев күтүүсүздөн Дагестанга келди. Бул жерде ал коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдү жана терроризмге каршы катаал чаралар көрүлө турганын билдирди. Мунун алдында Москва метросундагы террордун жоопкерчилигине байланыштуу интернетте карама-каршылыктуу эки билдирүү пайда болду.

Москва метросундагы окуялардан бир күн өткөн соң Кизляр шаарында да эки жерде бомба жарылып, биринде жергиликтүү милициянын тогуз кызматкери, алардын ичинде ички иштер бөлүмүнүн начальниги набыт кетти, экинчисинде үч киши мерт болду. Жалпы жонунан кырктай киши жабыркады.

Бейшемби күнү Дагестанга күтүүсүз жерден орус президенти Дмитрий Медведев келди. Өз сапары Москвадагы жана Кизлярдагы окуяларга байланыштуу экенин ырастап, жалпы коопсуздук жагдайын, өзгөчө региондогу кырдаалды талкуулаганы келгенин ырастады. "Эң ырайымсыз бандиттердин мойнун толгоп салдык, бирок бул, кыязы, жетишпейт окшойт. Кандай болгон күндө да алардын баарын табабыз жана жок кылабыз", -деп айтты Медведев Махачкаладагы жыйында.

Медведев бийлик органдарына "терроризмге каршы күрөштүн чараларын кеңейтүүгө" көрсөтмө берди, алар "майнаптуу гана болбостон, катаң, катаал жана озук да болушу керек" деп табыштады.

Ушул эле жыйында ФСБнын башчысы Александр Бортников "соңку террордук кыянаттарды кимдер уюштурганын так аныкташканын", атүгүл бир нече киши кармалып, сурак берип жатканын маалымдады.

Мунун алдында өзүн Доку Умаров деп атаган адам интернет аркылуу бирин-бири төгүндөгөн эки билдирүү таркатты. Биринчи материалда - чакан көрмө тасмада - ал Москва метросундагы иштин жоопкерчилигин өзүнө алат, ал эми үн жазылган билдирүүдө ага эч кандай тиешеси жоктугун билдирет.

Биринчи материалдагы сакалы өскөн, аскерче кийинген киши өзүн "Кавказ эмиратынын эмири" атайт. Анын түспөлү чечен козголоңчуларынын лидери Доку Умаровдун жашыраак кезине окшошуп кетет дешет. "29-мартта Москва метросунун эки станциясындагы атайын операциялар менин буйругум менен жасалды",- деп ырастайт ал. Анын айтымында, муну алар "орус оккупанттары быйыл 1-февралда Арштамга жакын жерде Чеченстан менен Ингушетиянын эң жакыр адамдарына кыргын салганы үчүн жооп кайтарган кадам катары" уюштурушту. "Өч алуу иштери Россиянын башка шаарларында да улантылат", - деп эскертет ал.

Бул материал чечен козголоңчулары өз трибунасы катары колдонуп жүрүшкөн "Кавказ-центр" сайтында жайгаштырылды.

Андан мурдараак интернетте ушул эле Умаровдун атынан үн тасма таркатылып, Москвадагы окуяларга түндүккавказдык можахеддердин эч кандай тиешеси жоктугу, аларды орустардын атайын кызматтары өздөрү уюштурганы айтылган эле.

Бул материалдарды комментариялап, Чеченстандын Федерация Кеңешиндеги өкүлү Зияд Сабсаби кыянаттар үчүн "Умаров жоопкерчиликти өзүнө алса да, албаса да анын күнү бүткөнүнө, жакын арада ал бардык лашкерлери менен сөзсүз жок кылына турганына" ишендирди.

Москвадан алынган соңку кабарларда 29-марттагы балааматтан 39 киши набыт болгону, алардан үчөө ооруканада каза тапканы айтылат. Премьер-министр Владимир Путин Москвадагы жана Кизлярдагы кыянаттарды бир эле топ даярдады деп эсептейт. "Алар азыр түпкүргө кирип, бөгүп жатып калышканын билебиз, бирок аларды жер алдындагы каналдардан сууруп чыгып, кылтасын кыркуу керек, бул иш сөзсүз жасалат",-деп айтты Путин.

XS
SM
MD
LG