Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Сот "ЮКОСтун" мурдагы юристин түрмөдөн бошотту


Россия - Светлана Бахмина 2006-жылы 19-апрелдеги Москвадагы сот процесси маалында.
Россия - Светлана Бахмина 2006-жылы 19-апрелдеги Москвадагы сот процесси маалында.

Москвадагы Преображенский райондук соту шейшемби күнү "ЮКОСтун" мурдагы юристи Светлана Бахминаны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотту. Соттун бул чечимин көптөгөн укук коргоочулар жана айрым саясатчылар кубатташты.

Светлана Бахмина алты жарым жылга түрмөгө кесилген. Жаза мөөнөтүнүн үч жылын Мордовиядагы аялдардын абак жайында өткөрдү. Быйыл мартта шарттуу түрдө камактан бошотууну өтүнгөн анын арызы Москванын Преображенский сотуна кароого берилген эле.

Шейшемби күнү Бахминанын өтүнүчү канааттандырылды.Судья Ирина Вырышева соттун чечимин угузуп, "Бахмина күнөөсүн толук сезип-түшүнгөнүн,коом үчүн коопсуз болуп калганын, ошол себептен мындан ары аны камакта кармоонун кажети калбаганын" бөлүп көрсөттү.

Залдагылар соттун токтомун кол чаап кабыл алышты. Адвокаттардын бири судьяга атүгүл Бахминанын балдарынын сүрөтүн белекке берди.

"Светлана эртең азат болот деп үмүттөнөм. Керектүү документтердин баары колдо, СИЗОнун өкүлү аны бошотуу боюнча тийиштүү иштердин баары бүгүн эле жасалып бүтөрүнө ишендирди",-деп айтты адвокат Роман Головкин.

Бахмина азыр жоюлуп кеткен "ЮКОС" компаниясында юристтер бөлүмүнүн башчысына орунбасар болуп турганда "Томскнефтке" тиешелүү 290 миллион долларды өзүнө энчилеп алган деген айып менен кесилген. Бирок аталган компания эч кандай чыгым тартпаганын, өзүн жабыркаган тарап деп эсептебей турганын "Российская газета” менен "Коммерсант" басылмасы жазып чыгышты.

Михаил Ходорковскийдин адвокаты Роберт Амстердам "Бахмина Кремлдин "ЮКОСко" каршы уюштурган саясий кутумдугунда бейжазык курмандыкка чалынганын" белгиледи.

Бахминанын бойго жете элек үч баласы бар. Эки уулу он жаштарда, үчүнчүсү –кыз, аны Бахмина былтыр ноябрда түрмөдө төрөдү. Кечээки сотко ал келген жок, кызы менен азыр Москвага жакын жердеги ооруканада жатат.

Бахминанын тарапкерлери аны бошотууну өтүнүп, 96 миңдей кол топтошту. Бирге окуган классташтарынын бири президент Медведевге жазган катында "Светлана карапайым үй-бүлөдө төрөлгөнүн,апасы дүкөнчүнүн жардамчысы болуп иштегенин, атасы көп ичип кеткенин" баяндап, ал МГУнун юридика факультетине өз күчү менен,парасыз,эч кимдин жардамы жок, жалаң акылынын жана эмгегинин аркасында өткөнүн" белгилеген.

Бахминанын бошотулушун Михаил Горбачев "жакшы жышаан" кыяпта баалады.

"Балким,бу Ходорковский менен Лебедевдин иши үчүн да жакшы белги болгусу бардыр",-деп айтты укук коргоочу "Жарандык көмөк" комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина.

Human Rights Watchтун Москва бюросунун өкүлү Татьяна Локшина да соттун кечээки чечимин "жакшы ишке" жоруду, бирок "жылымтык башталды деп айтканга али эрте" экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG