Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Орусия-АКШ: Күттүргөн келишимге кол коюлабы?


Орусия менен АКШ стратегиялык куралдар боюнча жаңы келишимди түзүү ишин аяктоонун алдында турушат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасап, айрым кабар агенттиктери билдиришти. АКШ менен Орусия ортосунда 1991-жылы түзүлгөн келишимдин мөөнөтү ушул жылы аяктайт.

Жаңы келишимге даярдык көрүү тууралуу үстүбуздөгү жылдын июнь айында АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын лидери Дмитрий Медведев Москвада жолугушканда макулдашышкан.

Алдын-ала таратылган маалыматтарга ылайык, тараптар өзөктүк куралдардын бери дегенде төрттөн бирин кыскартып, келишимде жазылган милдеттенмелердин так аткарылышына көз салышмакчы.

30-ноябрда АКШ лидери Барак Обама “Невский экспресс” поезди кыйраганга байланыштуу көңүл айтып, телефон аркылуу Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөштү. Анда стратегиялык куралдарды кыскартуу тууралуу жаңы келишим жөнүндө да соз болгон.

Июнда Москвада иш сапары менен болгон АКШ президенти Барак Обама буларды айткан:

- Биз өзөктүк дүрмөттөрдүн кыскартылышын ичине камтыган жана ошол дүрмөттөрдү алып учуучу ракеталарды, буга чейин күчүндөгү келишим жердигине карата, бери дегенде үчтөн бирге кыскарта турган “СТАРТ” келишимин даярдоо тууралуу эскермеге кол койдук. Юридикалык жактан алганда милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон келишимге ушул жылдын аягында кол коюлмакчы.

Маалым болгондой, 1991-жылы жетишилген келишимдин мөөнөтү 5-декабрда күчүн жоготот. Ушундан улам Барак Обама да, Дмитрий Медведев да жаңы келишим үстүдөгү жылы даяр болушун талап кылышкан. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев буларга токтолгон:

- Кошмо Штаттардын президенти экөөбүз түшүнүшүп, кол койгон эскермеде биздин өлкөлөр үчүн стратегиялык куралдын өзөктүк дүрмөтүн алып учуучу ракетанын 500дөн 1100 даанасын жана 1500дөн 1675 дүрмөттү кампаларда калтырууга мүмкүндүк берилет.

Бирок 5-декабрдын алдында күттүргөн келишим ариби даяр эместиги маалым болду. Мунун себебин “Der Tagesspiegel” мындайча чечмелейт: “20 жылга созулган «кансыз согуш» бүткөндөн кийин да эки өлкө ортосунда бири-бирине ишенбөөчүлүк бар. Ошого карабай дүйнөдө өзөктүк курал кармоо жагынан алдыда турган Кошмо Штаттары менен Орусия атомдук курал чыгарууга тырышкан башка өлкөлөр алдында кеби өтүмдүү болуш үчүн өздөрүнүн куралын азайтышы керек. Себеби АКШ менен Орусиянын колундагы өзөктүк куралды бирге алып эсептегенде жер жүзүдөгү андай куралдын 90 пайызын түзөт”.

XS
SM
MD
LG