Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Орусия-АКШ: учкучка байланышкан чыр чыкты


Константин Ярошенко
Константин Ярошенко

Батыш Африкадагы Либерияда кармалган орусиялык учкуч баңги аткезчилигине аралашкан деп айыпталып, АКШга өткөрүлүп берилген. Бул окуя АКШ менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык араздашууну жаратты. Москва АКШны учкучту «уурдап кеткен” деп айыптаса, Вашингтон бардыгы мыйзам чегинде жасалган деп эсептейт.

Орусиянын катуу сынына карабастан, АКШ “эл аралык баңги аткезчилигинде айыпталган орусиялык учкучтун Батыш Африкадан экстрадиция кылынганы туура кадам болгон” деп эсептейт.

Американын Баңги заттарды көзөмөлдөө башкармалыгы 21-июлда билдиргендей, Константин Ярошенко Либериядагы Монровия шаарында 30-май күнү АКШнын райондук сотунун чечимине ылайык камакка алынган.

Ярошенко Түштүк Америка, Африка жана Европа аркылуу миңдеген килограмм көкнарды ташып өтүүгө аралашкан деп айыпталууда.

АКШнын Баңги заттарга каршы башкармалыгынын өкүлү Даун Дерден орусиялык учкуч Ярошенко тергөө абагында ар кандай кыйноолорго кабылган деген маалыматтарды четке какты.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Ярошенконун камакка алынып, АКШга өткөрүлүп берилгенин кескин айыптады. Министрликтин билдирүүсүндө мындай иш аракет “орус жаранын үчүнчү өлкөдөн уурдап кетүү” катары бааланган.

“Американын жашыруун кызматтары орус жаранын Монровиядан Нью-Йоркко тымызын алып чыгып кетиши барып турган мыйзамсыздык болуп эсептелет” деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ярошенконун Нью-Йорктогу адвокаты Сэм Шмидт Американын өкүлдөрү учкучту «эмнегедир» Орусия элчилигине маалымдабай туруп камакка алышкан деп айткан.

21-июлда Вашингтондогу Мамлекеттик департаментте журналисттер менен болгон жолугушууда департаменттин басма сөз өкүлү Филип Кроули “Ярошенко АКШга келери менен Орусиянын консулдугу менен байланышууга мүмкүнчүлүк алган” деп тактоо киргизди.

- АКШга келер замат ага Орусия элчилиги менен байланышууга шарт түзүлгөн. Мен кийин да орусиялык кесиптештерибиз менен баарлашканыбыз тууралуу маалыматты жана алар иштин жөн-жайы тууралуу маалымдалганын тактай кетмекчимин.

Филип Кроули окуя боюнча башка маалымат бере албарын жана бул иш АКШнын Адилет министрлигинин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG