Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Орусия Латын Америкасына көз артууда


Игорь Сечин Венесуэланын президенти Уго Чавес менен
Игорь Сечин Венесуэланын президенти Уго Чавес менен

29-июлда Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин Гаванага иш сапары менен келип, Кубанын вице-премьер-министри Рикардо Кабрисас менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар аскердик, энергетика жана каржы тармагында кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Анын алдында Орусиядан барган делегация Никарагуада болуп, эки өлкө ортосундагы визаны алып таштоо тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Латын Америкасына сапары маалында орусиялык делегация Венесуэлада да болуп, президент Уго Чавес менен жолугушуп, аскердик техникалык кызматташууну тереңдетүү тууралуу макулдашышкан.

Ушул жылдын май айында Никарагуа орусиялык аскердик учак жана тик учак сатып алууга куштар экендигин билдирген. Бул жолку сапарында Игорь Сечин муну колдоого алганын Никарагуанын президенти Ортега журналисттерге кабарлады. Орусиялык делегация Никарагуага 130 автобусту белек кылганы да маалымдалды.

Өткөн жылы августта Грузия менен Орусия ортосундагы согуштан кийин Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазия көз карандысыздыгын жарыялаган. Алардын эгемендүүлүгүн Орусиядан башка Никарагуа да тааныган. Ошондон бери Игорь Сечин Никарагуага ушуну менен үчүнчү жолу келди.

Игорь Сечин бул жолку сапары жемиштүү болгонун белгиледи:

- Биз ортодогу байланыштын жакшы өнүгүшүнө терең канааттанабыз. Орусия Никарагуа менен өз ара мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар.

Серепчилердин баамында, Орусиянын Венесуэлага берген курал-жарактары Борбор Америкадагы кырдаалды бузушу толук ыктымал.

Швециядагы анализдөө борборунун маалымдашынча, кийинки беш жыл ичинде Венесуэла Орусиядан сатып алган курал 900 пайызды түзгөн. Ошону менен Орусиядан курал-жарак сатып алган мамлекеттер ичинде Венесуэла биринчи орунга чыккан.

Серепчилер муну Кремл бийлигинин тышкы саясатында Кошмо Штаттары менен атаандашуудан улам жасалганын белгилешет.

КГБнын мурдагы кызматчысы Игорь Сечин испан жана португал тилдерин жакшы билет.

XS
SM
MD
LG