Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Чавес Абхазия менен Түштүк Осетияны таанып, насыя алды


Чавес менен Медведев Барвихадагы сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында.
Чавес менен Медведев Барвихадагы сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында.

Орусия Венесуэлага курал сатып алуусу үчүн 2,2 миллиард доллар насыя ажыратууга макул болду.

Президент Уго Чавес бул тууралуу Орусиядагы сапарын аяктап Каракаска барган соң билдирди. Ага чейин Москвада болгон кезинде Чавес анын өлкөсү Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныганын жарыялаган эле.

Уго Чавестин мекенинде ар жекшемби сайын обого чыгуучу өздүк теле берүүсү учурунда айтканына караганда, өлкөсү Орусиядан анын 2,2 миллиард долллардык насыясына сатып алуучу курал-жарактардын арасында танктар жана учактарга каршы колдонулуучу ракеталар болот. Жогорудагы акчага Венесуэла Т- 72 үлгүсүндөгү танкттардан 92ни жана аскерий учактар менен аскерий кемелерден атылуучу ракеталарды кулатууга жөндөмдүү S-300 үлгүсүндөгү ракеталык системаларды сатып алмакчы.

Венесуэла президентинин ырастоосунда, анын өлкөсү кошумча курал-жаракты коңшусу Колумбиянын өкмөтүнүн Кошмо Штаттарга өз аймагындагы аскерий базарларды пайдаланууга уруксат берген чечиминен чоочуганынан улам алууда. Бирок Чавес белгилегендей, армияны чыңдалышы өзүн-өзү коргоо үчүн гана керек жана үчүнчү өлкөгө каршы багытталбайт:

- Биз Орусиянын өкмөтүнө курал-жарак үчүн сарптообузга 2,2 миллирад доллардык насыя ажыратууну жактыруусу үчүн ырахмат айтуубуз керек. Анткени биз билим берүүгө, саламаттыкты сактоого артыкчылык берип жатабыз. Бул курал-жарак ошон үчүн, өлкөнүн турмушка жарамдуулугун коргоо үчүн сатылып алынды.


Уго Чавес Орусияга соңку сапары учурунда ошондой эле эки өлкөнүн өзөктүк энергия багытында биргелешип иштөөсү үчүн атайы комиссия түзүлгөнүн да кошумчалады. Ал бийликте турган жылдары Венесуэла Орусиядан 4 миллиард доллардан ашуун каражатка курал-жарак, анын ичинде тик учактарды, учактарды сатып алганы буга чейин эле айтылып келинген. Курал соодасы боюнча жаңы макулдашуулар жетишилген бул сапарынын учурунда ал Венесуэла 10-сентябрдан тарта Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган жарыялады. Муну менен Венесуэла Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын Орусия менен Латын Американын дагы бир мамлекети - Никарагуадан кийин тааныган үчүнчү гана өлкө болду. Алардын тагдырына Москва кайдыгер эмес экенин белгилеген орус президенти Дмитрий Медведев венесуэлалык кесиптешине жогорудагы чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми Абхазия менен Түштүк Осетияны өзүнүн жикчил аймагы катары эсептеген Грузия Венесуэланын чечимин ириде анын Орусия менен курал соодасына байланыштырат. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Серги Капанадзе мындай дейт:

- Биздин оюбузча бул - Венесуэла диктаторунун эң ийгиликсиз чечими. Ошол эле учурда анын жарыясы жана чечими биз үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Бирок бул Орусиянын Венесуэладан Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу убадасын акча, курал менен сатып алуу аракети.

Каракастагы Метрополитен университетинин профессору, эл аралык мамилелер боюнча адис Элса Кардозонун (Elsa Cardozo) айтымында, географиялык жана саясий жактан алыс Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу Венесуэланын өзүндө деле Орусия менен кызматташтыктын контекстинде да гана кабыл алынат. Өлкөнүн учурдагы саясий системасы болсо, профессор Кардозо “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, жогорудагы чечимге каршы чыгууга мүмкүндүк бербейт. Анткени парламентте оппозиция жок:

-Конституциялык көз караштан алганда маселенин эки өңүтү бар. Башка бир мамлекетти таануу президенттин ыйгарым укугу. Президент чечим кабыл алып, жарыялап, аны мыйзамдаштыра алат. Мыйзам жана Конституция жагынан караганда, президент дипломатиялык миссияны аныктайт. Парламент дипмиссиянын президент дайындаган башчысын жактыруусу гана керек. Ал эми саясий жагынан алганда мурдагы жылдары Венесуэла өкмөтүнүн эки мамлекет гана тааныган башка эки өлкөнү таануусу мунасага жетүү аракетинде консультация аркылуу жасалмак. Өкүнүчтүүсү, мындай консультациялар азыр Венесуэлада жүргүзүлбөй калган.

Уго Чавес бул ирээт окендан бери өткөндө бир гана Орусияда эмес башка бир нече өлкөдө, анын ичинде Ливияда, Сирияда, Иранда, Түркмөнстанда, Беларуста токтоду. Иш сапарын адаттагыдай эле антиамерикалык саясатын улантуу үчүн да пайдаланды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG