Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Москва кинофестивалы бийликке кулдук уруунун кароосуна айланды


Михалков (оңдо) Владимир Путин жана Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров (ортодо) менен
Михалков (оңдо) Владимир Путин жана Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров (ортодо) менен

Өткөн жумада айтылуу Москва кинофестивалы аяктады. Мындай кароолор адатта гуманизмдин, идеялардын, изденүүчүлүктүн жарманкеси болуп калат. Орусияны бүгүн дүйнөдөгү эркиндикти эң сүйгөн өлкө деп атоого болбогон сыяктуу эле, Москва кинофестивалы да бийликтерге кулдук уруучулуктун кароосуна айланды. Кеминде орусиялык публицист, "Эхо Москвы" үналгысынын кабарчысы Матвий Ханаполский ушундай пикирде.

«Кино көркөм өнөрдүн эң маанилүү түрү» деп айткан Ленин болгон эмес. Большевизмдин жол башчысы чындыгында «эң маанилүү көркөм өнөр формалары кино жана цирк» деп айткан. Муну кийин италиялык фашизмдин ана башы Бенито Муссолини «цирк» деген сөзүн алып салып, колдонгон.

Кандай болгон күндө да, бул сөздөр кино идеологиянын куралына айлана баштаган мезгилде айтылган эле. Бүгүн кинодогу идеологиянын мезгили өттү деп ойлошуңуз мүмкүн. Киного билет кымбат болгондуктан, ак эмгеги менен тапкан акчаны ким эле идеологиялык баш оорутмага сарптагысы келсин. Бирок турмуш чындыгы бөлөк.

Жакында Орусияда чымыны бар жаш режисер буга чейин болуп көрбөгөн укмуш окуяларга негизделген көңүл ачуучу кино тарта баштады. Бир күнү ага Кремлде иштеген таанышынан тартып жаткан киносундагы карөзгөй күчтөргө жана диктатурага америкалык түс берүүнү сунуш этип, болбосо мындан ары мамлекеттен каржылык колдоо таба албай калаарын эскерткен кат алат.

Кудайга шүгүр, режисер сунушту кабыл алган жок. Бирок ал кат кино, анын ичинде Москвадагы 31-эл аралык кинофестивал Орусиянын бийлик вертикалынын өзөгүн түзөөрүн айгинелейт.

Жүздөгөн чет элдик кино жылдыздары келген, миңдеген көрөрмандары, коноктору бар кино фестивал кантип эле мамлекеттик саясаттын түркүгүнө айланып калсын деп сурашыңыз мүмкүн. Бул кыйын деле эмес. Биринчиден, анын жетекчилигине идеологиялык туруму айнектей таза адамды коюш керек. Москва фестивалында ал - «Орусиянын башкы режисеру» атыккан Никита Михалков. Экинчиден, фестивалды мамлекеттик сыналдыдан утур-утур рекламалап, ачылышына президент-премьер келсин. Ошондо эч ким фестивалды мамлекет өзү колдой тургандыгынан күмөн санабайт.

Башка фестивалдарга карата мындай дискриминация кино-жамаатын нааразы кылаары шексиз. Мындай айырмачылыктар менен киноматографисттер биримдиги иштеши керек. Бирок бул уюмду күнү бүгүнгө чейин баягы эле Никита Михалков жетектейт. Ал жаңжалдардын, административдик чайкоочулуктун, соттордун аркасы менен кайрадан өз ордунда калды. Ал эми аны сындагандар, анын ичинде биримдиктин кино-сынчылар бөлүмүнүн жетекчиси Виктор Матизен иштен алынды. Михалковдун кайра бекитилиши канчалык орундуу деп күмөн санаган "Кино өнөрү" журналынын башкы редактору Даниил Дондурей биримдиктин штаб-квартирасындагы кеңсесинен ажырады.

Кино чындыгында да Москва үчүн эң маанилүү өнөр үлгүсү бойдон кала берүүдө. Кремль саясатты кандай башкарса, кинону да ошондой эле административдик усулдар, сынчыларынын көзүн тазалоо жана чет элдиктер үчүн уламыштарды жаратуу менен башкарып келатат. Айтылгандар, тилекке каршы, Москва кино фестивалына да тийешелүү. Кезегинде кино өнөрүн даңазалоо үчүн негизделген бул фестивалдын бийликтерге кулдук урууну даңазалаган иш-чарага айланып калганына көп болду."

XS
SM
MD
LG