Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Москвада америкалык-орусиялык жогорку деңгээлдеги жолугушуу башталды


Барак Обама менен Дмитрий Медведев Кремлде жолугушту.
Барак Обама менен Дмитрий Медведев Кремлде жолугушту.

АКШнын президенти Барак Обама расмий иш сапары менен Москвага келди. 6-июлда америкалык лидер Орусия президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү баштамакчы. Алар эки мамлекет алакасындагы жагдай, эл аралык маанилүү маселелерди талкууга алышат. Көч башындагы темалардын бири стратегиялык чабуулдук куралдарды чектөө боюнча жаңы келишим түзүү жөнүндө болмокчу.

Президент Барак Обама келерге бир сааттай калганда америкалык-орусиялык чиновниктер ядролук куралдар боюнча келишимди түзүү боюнча бир пикирге жетишкенин айтышты. Жыл этегинде ага кол коюшуулар болору айтылууда.

Вашингтон ал келишимге жетишүүнү Обаманын Москвага сапарындагы башкы маселе катары бааларын билдирген. Анын негизинде, андан ары кыйла талаш маселелерге жол ачыларын белгилеген.

Жаңы келишим 1991-жылы жетишилген келишимдин быйылкы жылдын декабрь айында мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу анын ордун басчу чечим болуп калышы керек. Документте куралдардан 1700-2200 даанасы кыскартылары айтылган.

Бүгүн Москвага келип түшкөн Америка Кошмо Штаттарынын лидери Барак Обама:

«Кошмо Штаттары менен Орусиянын айырмасына караганда окшоштуктары көп. Биз алдыдагы күндөрү байсалдуу иш алып барсак, анда эки өлкөнүн тең элдерине пайда келгидей өзгөчө ийгиликке жетишебиз».

Кремлдин Ооганстанга НАТО күчтөрү жөнөтүүчү куралдар жана ок-дарыны Орусиянын жери менен жеткирүүгө макул болушу күтүлөрү айкын болот. Тараптар ошондой эле Ирандын ядролук курал өндүрүү программасы жана ага Москванын колкабыш этиши жана Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюумуна мүчө болуп өтүшү сыяктуу көп маселелерди талкуулоо болору да айкын болот.

Серепчилер айтымына караганда Обаманын алдына татаал маселе коюлууда. Эки мамлекет алакалары кийинки жылдары «кансыз согуш» кездегидей абалга жеткен. Орусия мурдагы советтик республикаларды канатынын алдынан чыгаргысы келбей кошуна өлкөлөргө кыр көргөзүүсүн кое элек.

Былтыр Грузияга америкалык тарапта экенине карабай миңдеген аскерлери менен кол салган. Азыр да Грузиянын түндүгүндө орусиялык армиянын бир канча күнгө созулган машыгуусу америкалык президент Москвага келип түшкөн 6- июль күнү гана токтотулду.

«Биз бүгүнкү жана эртеңки күнү болуучу толук кандуу баарлашууда орусиялык-америкалык тарыхта татаал болуп келаткан беттерди жаап анын ордуна жаңы барак ачабыз деп үмүттөнөбүз», - деди өз кезегинде Орусиянын лидери Дмитрий Медведев.

АКШ президенти ошондой эле Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Орусиялык оппозиция өкүлдөрү менен Барак Обаманын жолугушаары да күтүлүүдө. Америкалык президент Москвага жубайы жана эки кызы менен келди.

Үч күнгө созулуучу АКШ президентинин иш сапары маалында анын төрт жолу көпчүлүк алдында кеп сүйлөй тургандыгы маалым болууда. Аны орусиялык мамлекеттик сыналгы тартып көргөзөбү - жокпу белгисиз. Бирок оппозиция каарын басыш үчүн Орусиянын башка шаарларынан милиция кызматкерлери келгени дайын болууда. Ордо шаарда паспорттук режим киргизилген. Мына ушундай жагдайдан улам анализчилер оозунда бул «атаандашуубу же кызматташуубу?» - деген кеп болууда.

XS
SM
MD
LG