Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Москвада чечен кыздын адвокаты жана журналист атып өлтүрүлдү


Орус офицери өлтүргөн чечен кыздын үй-бүлөсүнүн адвокатын дүйшөмбүдө Москвада атып кетишти. Белгилүү адвокат Станислав Маркеловго ал жаңы эле журналисттердин суроолоруна жооп берип чыкканда кол салышты. Анын жанындагы кабарчыга да ок жаңылып, алган жараатынан көз жумду.

Станислав Маркеловдун каны төгүлгөн жерге адамдар гүл коюп кетип жатышат.
Москва милициясынын билдиришинче, белгисиз адам Маркеловду Москванын Перчинская көчөсүндө аркасынан келип, добушун чыгарбаш үчүн томого кийгизилген курал менен желкесине атты.

Жанында бараткан оппозициячыл "Новая Газетанын" сырт кабарчысы Анастасия Бабуровага да ок тийип, ал да алган жарааттарынан көз жумду. Бул кол салууга байланыштуу эч ким кармалган жок. Кылмыш иши козголду. Орусиянын "Мемориал" укук коргоо борборунун өкүлү Светлана Ганнушкина "Азаттыкка" Маркеловдун өлүмү жалданма киши өлтүрүүгө окшош болуп жатканын билдирди:

– Бул кокустук болгон жок, артында кылмыштуулук да жок экендигин бөркүңүздөй көрүңүз. Тилекке каршы, биз өз алдыбызча тергөө жүргүзө албайбыз, бир гана бийликтерине ушундай талап кое алабыз.

Маркеловдун жанында болуп ок жаңылып кайтыш болгон Бабурова Анастасия "Новая газетанын" кабарчысы болчу.
Москванын чок ортосунда таламандын так түшүндө орун алган бул чабуулдун алдында Маркелов пресс-конференция өткөргөн эле. Ал кабарчыларга чечен согушунан калган эң бир оор кылмыштардын бири боюнча өз иш-аракеттерин баяндаган.

18 жаштагы чечен кыз Элиза Кунгаева 2000-жылы жырткычтык менен өлтүрүлгөн эле. Атасы кызынын өлүмүн Москванын чечендердин өз алдынчалыгына каршы өнөктүгүнүн бир көрүнүшү деп айыптаган.

Маркелов мындан үч жылдан кийин орус армиясынын офицери полковник Юрий Будановдун кармалып, узак мезгилге эркинен ажыратылышына жетишкен. Ал кезде Чеченстандагы согушта өзүн өзү билген орус аскерине дабаа жок деп саналчу.

Бирок өткөн айда Будановдун түрмө мөөнөтү бүтөөрдөн бир жарым жыл мурда бошонуп чыгышы эски жараны сыйрыгандай болгон. Бул чечимге каршы Чеченстанда демонстрациялар болуп, ал тургай жумурияттын москвачыл администрациясы нааразылык билдирген.

Маркелов бул чечимди күчүнөн кетирүү аракетинде жүргөн. Буданов 15-январда бошотулган.

Кол салуудан бир нече мүнөт мурда аяктаган пресс-конференцияда 34 жаштагы адвокат Будановду бошотуу чечимин аппеляциялык сотко бере тургандыгын билдирген:

- Кимдир бирөө өз турумун бир күндө бир нече жолу өзгөртсө, анын акыл-эси ордундабы деген суроо туулат. Азыр сот өз турумун улам алмаштырып жатат, бирок мен соттун акыл-эси ордундабы деген маселени кое албайм. Мен сот кандайча чечим кабыл алат деп сурагым келет. Анткени соттор сот өкүмү ишке ашып, Будановдун боштондукта жүргөнүн өздөрү да билбейт экен.

Маркеловго жакын адамдардын айтымында, ага белгисиз бирөөлөр чөнтөк телефондон бир нече ирет кат жазып, коркутушкан.

Адвокаттын өлүмүн Европа Кеңеши айыптады. Кенештин баш катчысы Терро Дейвис шейшембиде укук коргоочу адвокат менен журналисттин өлүмүн Чеченстан боюнча адам укуктары жаатында иштегендерге каршы соңку чабуул деп мүнөздөдү. Ал эми Эл аралык Мунапыс уюму бул киши өлтүрүүлөрдү "зөөкүр кылмыш" деп сыпаттап, бийликтерди чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.

Чеченстандын баш калаасы Грозныйда бул күнү эки миңдей киши чогулуп, Маркеловду өлтүргөндөрдү тез аранын ичинде табууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG