Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

“Орусия Путинге каршы” пикетин ОМОН кууп таркатты


31-майда Москвада оппозициянын ондогон тарапкерлери «Орусия Путинге каршы» урааны астында акция өткөрүүгө аракет кылышып, ОМОН тараптан кармалышкан. Камакка алынгандардын арасында жазуучу Эдуард Лимонов да бар.

Жапырт көчөгө чыгууну «Башка Орусия» жааты уюштурган. Ага «Тилектештик» кыймылы, Коммунисттик партиянын жаштар канаты жана башка уюмдардан активдер кошулушкан. Солчулдар маалымат кызматы таркаткан билдирүүдө көчөгө чыгуу учурунда: «Путин кызматтан кетсин!», «Келсин элдик өкмөт!», «Ишсиздик жоголсун!», "Эркиндик жана адилеттүүлүк орносун!" чакырыктары болгон.

Мурдарак «Орусия Путинге каршы» митингисин уюштуруп аткандар баары бир уруксат бербейт деп жергиликтүү бийликтен уруксаты жок көчөгө чыгууларды уюштуруу дымактарын жарыя кылышкан.

6-февраль күнү Батыш саясатына каяша ирээтинде айткан жообунда өкмөт башчы Владимир Путин мындай деген:

- Орусия кандай гана маселе болбосун, анын катарында, эркиндик жана укукка байланыштуу маселелерди талкуулоого даяр.

«Азаттыктын» кабарчысы Данила Галперовичтин айтымында, оппозициянын көчөгө чыгышына бийлик абдан бут тоскон. Маяковский айкелинин алдында аянтта чогула баштаган оппозиция жаатын ал жерден кармоо башталган. Көптөрүн көчөдө бараткан жеринен кармоо болгон. Кайдан-жайдан митинг өтчү жерге жарыш өтөт деген шылтоо менен велосипед минген ак шапкечен уландар пайда болушкан. ОМОН менен милиция кызматкерлери топ-тобу менен артында жылып айдатылган ичине киши олтургузчу атайын автоунаалары менен пайда боло калышкан.

Оппозиция жетекчилерин журналистер жакындай электе жулкуп-булкуп, колдорун толгоп автоунааларга солоо башталган. Алардын бири айтылуу жазуучу Эдуард Лимонов кийин «Азаттыкка» мындайча баян этти:

- Албетте, Москванын мэри, «Башка Орусиянын» митинг өткөрүп, көчөгө чыгуусуна тыюу салуу менен милициянын өзүнүн кыжырын кайнатууда. Булардын бизди кармагандан башка иши түгөнүп калыппы?

Ордо шаардык милиция кызамты таркаткан маалымдоодо Лимонов баш болушкан үч улутчул-большевиктер, «Солчул фронттун» 15 ке чукул кишиси жана дагы башка кыймылдардан 35 киши кармалышкан.

Адам укугун коргоочулар айтканга караганда, Орусияда азыркы тушта эркиндик Советтер Союзу кыйрап аткан жылдарга салыштырганда жокко эсе, ошон үчүн оппозициянын аракети тарткынчыктуу болууда. Жарандар арасында мындай маанай пайда болушуна бийлик көрсөтүп аткан кысым себепкер. Адам укугун коргоочу Сергей Ковалев айтканга караганда эл бийликти айыптоого акылуу.

Путиндин отставкасын талап кылган митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

XS
SM
MD
LG