Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Екатеринбургда Бакиев - Карзай жолугушуусу күтүлүүдө


15-июнда ШКУнун Екатеринбург саммити ишин баштады. Мамлекеттик лидерлер жыйында эл аралык жана аймактык деңгээлдеги учур маселелерин талкуулап жаткандыгы айтылууда. Бул бийик жолугушуунун алкагында Кыргызстан - Ооганстан президенттери жолугушмакчы.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчылары адегенде аймактык коопсуздукту, каржы кризисин талкуулашты. Өңчөй мүчө жана байкоочу мамлекеттердин башчылары катышкан бул отурум тууралуу кеңири маалымат таратыла элек.

Байкоочулар саммиттин алгачкы күнкү отуруму талкуулаган талылуу маселелердин катарында уюмга мүчөлөрдү кабыл алуунун оош-кыйыштарын, ШКУнун Борбор Азиядагы стратегиясын, тактикасын, Кытайдын жана Орусиянын салмагын аташууда.

- Американын жаңы саясаты, тактикасы, стратегиясы ишке кирип жаткан учурда ШКУнун, ал жердеги Орусия менен Кытайдын позициясы кандай болорун талкуулашы мүмкүн, - дейт саясат таануучу Кубан Абдымен.

Екатеринбург саммитинде жалпы кызыкчылыктан тышкары ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы бар. Бул өңүттөн алганда Кыргызстандагы башкы кызыкчылык Кытай менен жакындашып, мамилени күчөтүү дейт талдоочу:

- Кыргызстандын ШКУ саммитинде бир эле максаты бар. Орусиядан кийин бизди колдой турган маселени алдыга чыгарып, эки тараптуу сүйлөшүп, кыргызстан аркылуу курула турган темир жолду тездетебизби-тездетпейбизби деген маселени көтөрүп чыгат.

Кытай мамлекет башчысы Ху-Цзинтао менен Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жолугушкандыгын ушул эле күнү президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда белгиленгенге караганда жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна Кытай 80 млн. юань грант бере тургандыгы тастыкталды. Тараптар ортосунда ошондой эле Ош-Сарыташ-Эркештам автожолунун, Кызыл-Кыя асфальт-бетон заводунун курулушу жөнүндө сөз болду.

Бул күнү Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин Ооган президенти Хамид Карзай менен жолуккандыгы кабарланган жок. Жолугушуу 16-июнда болуп, анда Ооганстандагы кырдаал талкууланат деп болжолдонууда. Президенттин катчылыгынын эксперти Илим Карыпбековдун билдиргенине караганда:

- Президент Курманбек Бакиев буга чейин позициясын айтып кеткен. Биз аны кыскача айтып бере турган болсок: Кыргыз Республикасы Ооганстандагы, Пакистандагы кырдаалга кайдигер карабастан, өзүбүздүн күч-аракетибизди жана көмөгүбүздү көрсөтмөкпүз. Менимче, саммит алкагында ушу нукта сүйлөшүү болот.

Ал эми жолугушуунун башкы темасы АКШнын Кыргызстандагы базасы болот деген талдоочулардын бири Кубан Абдымен өз божомолун келтирди:

- Кайра эле база тууралуу маселе биринчи көтөрүлөт. Анан көп тараптуу эл аралык конференция өткөрүү боюнча Кыргызстандын демилгеси тууралуу сөз болушу мүмкүн.

АКШ базасы ШКУ президенттери көтөрө турган көшөгө артындагы башкы маселелердин бири катары каралууда. Талдоочу Шамшыбек Медетбековдун көз карашында аймакта кырдаал курчугандыгына байланыштуу базаны өз өлкөсүндө кайра калтыруу чечимин чыгарса Кыргызстан бийлиги өзүнүн коопсуздук жаатындагы ырааттуу саясатын далилдей алат. Талдоочу ошондой эле АКШ аскерий базасын Кыргызстандан чыгарып, өз тарабына өткөрүүгө Өзбекстан кызыкдар болуп жатат дейт.

Екатеринбург саммитинде ШКУну башкаруу милдети Өзбекстанга өткөрүлүп берилет деп күтүлүүдө.Мындай жагдай мамилеси оорлошуп турган Кыргызстан менен Өзбекстан ортосун жакындатат, буга Кытай жана Орусия таасир этет дейт Медетбеков:

- Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чегара маселелерин тактап, жакшы шарт түзгөнгө өбөлгө түзөт болуш керек.

ШКУнун Екатеринбург саммити шейшембиде кеңейтилген чөйрөнүн катышуусунда уланып, анда коопсуздук Декларациясы кабыл алынат деп болжолдонууда.

Кошумчалап койчу жагы: ШКУга Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери мүчө. Ал эми байкоочу өлкөлөрдүн катарында Иран, Монголия, Пакистан, Индия бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG