Бу жолку саммитте талкуулана турган маселелер арасынан байкоочулар ооган проблемасын бөлүп көрсөтүшүүдө. Быйыл мартта Москвада ооган конференциясында кабыл алынган пландардын аткарылышын карап чыгууну орус президенти Дмитрий Медведев сунуш кылды.
Мындан тышкары ал Ооганстандын жана Пакистандын президенттери менен үч тараптуу өзүнчө да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кремл өкүлдөрү ырасташкандай, орус президенти ооган жериндеги коалициялык күчтөргө жардамдашуу мүмкүнчүлүктөрү жана аларды кеңейтүү жолдорун козгомокчу.
Москванын мындай позициясы Хамид Карзайга кыргыз президенти Курманбек Бакиевден АКШнын "Манас" аэропортундагы авиабазасын калтырууну өтүнүү үчүн кошумча жүйөө болуп берери калетсиз.
Бакиев да жакындагы сөзүндө Пакистан менен Ооганстанда абал абдан оорлошуп кеткенин, маселени алдыдагы жолугушууларда, алардын ичинде "шанхайчылардын" саммитинде талкуулоо керектигин айтып, буга кошумча араздашкан тараптардын өкүлдөрүн Бишкекке чакырып, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуш кылган эле.
Ооган темасынан тышкары саммитте уюмдун өзүнүн өнүгүү пландары тууралуу да сөз болот. Экономика чөйрөсүндө, жалпы эле алака-катыш жагынан "шанхай алтылыгынын" арымы басаңдап кетти. Айрым пландар, маселен, уюмдун "энергетикалык ийримин" түзүү жөнүндөгү Москванын идеясы сөз бойдон калды. Кытай болсо бирикменин стратегиясында экономикалык кызматташтыкты башкы орунга коюп, жакынкы аралыкта бирдиктүү интеграциялык мейкиндикке өтүү зарылдыгын жактап келатат.
Төрага Ху Цзинтао кечээ кыргыз,тажик,өзбек жана пакистан лидерлери менен саммит алдында өз-өзүнчө жолугуп, сүйлөштү. Азыркы экономикалык кризистин шартында Кытайдын аларга сунуш кылар долбоорлору табылат.
Мындан тышкары уюмдун борборазиядагы айрым мүчөлөрү суу, энергетика, чек ара маселелеринде ич ара чатакташа баштады. Антитеррордук масштабдуу машыгуулар да сээлдеп калды. Маданият министрлери акыркы ирет Ташкенде мындан үч жыл мурда өткөрүлдү. Иши кылып, "шанхайчылар" арасында бириктирген факторлорго караганда ортого жик салган жагдайлар да пайда болду.
Байкоочу өлкөлөр ичинен Иран уюмга мүчө болгонго арыз берген эле. Екатеринбург саммитинде бу маселе каралбайт. Болгону Шри Ланка менен Белоруссия байкоочулук статусун алышы ыктымал.
Иран президенти шайлоодон кийинки кырдаалга байланыштуу Екатеринбургга шейшемби күнү келет дешет. Ал эми Индиянын, Монголиянын, Пакистандын лидерлери байкоочу катары бүгүнкү талкууларга катышат.