Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Тажик-кыргыз тыңчылык оюндары...


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Мурат Суталинов
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Мурат Суталинов

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн офицери, полковник Мухаммади Салимзоданы Тажикстандын соту 6-майда 29 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кескен. Ага тыңчылык кылган жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып тагылган.

Айыпталуучунун туугандары менен айрым талдоочулардын айтымында, М.Салимзодага жалган айып тагылган жана анын тагдырына кыргыз бийлиги кайдыгер мамиле кылууда.

Полковник Мухаммади Салимзода 2000-жылга чейин Кыргызстандын Коргоо министрлигинде иштеген. Кызы Шоира Салимзоданын айтымында, ал былтыр Тажикстандын коопсуздук кызматы тарабынан кармалганга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) иштеп келген. Бирок мындай маалыматты УКМК бышыктаган жок.

2008-жылдын 9-августунда М.Салимзода Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө кызматы боюнча барып, ошол эле күнү белгисиз жоголуп кеткен. Анын тергөө абагында жатканын Тажикстандын коопсуздук кызматы быйыл январь айында гана ачыкка чыгарып, ошондон тартып гана анын тагдырына коомчулуктун көңүлү бурула баштады.

Бул арада тажик соту полковник М.Салимзоданын ишин карап, аны 29 жылга абакка кескенге үлгүрдү. Анын туугандары нааразычылык иретинде Конституциялык сотко жолдоп, бирок чечим күчүндө калтырылды.

Саясат таануучу, КМШ өлкөлөрү институтунун аймактагы филиалынын директору Александр Князевдин пикиринде, кыргыз тарап Мухаммади Салимзоданы куралдуу күчтөрдүн эс алуудагы офицери катары гана көрсөтүп, анын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери болгонун жашырып атышат:

- Мен толук жоопкерчилик менен туруп, Мухаммади Салимзода кармалганга чейин УКМКнын кадимки офицери болгонун айта алам. Бул факт боюнча менде толук далилдер бар. Бул жерде түзүлгөн абал бир аз башкача болуп атат. Анткени УКМК өз кызматкеринен баш тартып, кийин маалымат каражаттарында куралдуу күчтөрдүн мурдагы офицери катары гана көрсөтүлүп атты. Бирок биздин тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул боюнча эч нерсе айта албай, тунжурап эле отурушат. Чынында бул жерде мамлекеттер аралык чатак тууралуу сөз болуп атат.

Саясат талдоочу Князевдин пикиринде, полковник М.Салимзоданын тагдырына болгон кош көңүл мамиле, Кыргызстандын дегеле жалпы жарандарына жасаган мамилесин көрсөтүп турат. Ошондой эле ал М.Салимзода үчүнчү бир өлкөгө тыңчылык кылган деген маалымат түккө турбасын, тажик соту аны Кыргызстанга тыңчылык кылган деп соттогонун билерин айтат.

Бул маселеге президент Курманбек Бакиев өзү кийлигишпесе болбой калганын айткан талдоочу, быйыл жыл башында президент “Манас” аба базасын чыгаруу чечими тууралуу айтып жатып, ага кыргыз жаранын америкалык аскердин өлтүрүп койгону да себепчи болгонун, Кыргызстандын ар бир жаранын коргоого убада бергенин, ушул тапта президентке дал ошондой мүмкүнчүлүк келип турганын билдирди.

Полковник М.Салимзоданын кызы Шоира Салимзода атасынын тагдырына кейип, аны тажик түрмөсүндө бат эле жок кылып коюшарын, андыктан тез арада Кыргызстанга өткөрүп алуу иш-чарасын уюштуруу керектигине токтолду:

- Мен ушуну менен 10 айдын ичинде Кыргызстанга сегизинчи жолу келип атам. Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде болгонумда, ар дайым ыйлап чыгам. Биз Тажикстанда өтө коркунучтуу укук бузууга кабылдык. Ал жакта биз атабызга жолуга да албайбыз. Ошол себептүү биз анын Кыргызстанга өткөрүлүшүн, ишинин кайра каралышын жана калыс чечим болушун каалап жатабыз. Анткени биз тажик сотунун чечимине ишенбейбиз.

УКМК болсо азырынча М.Салимзодага байланыштуу эч кандай маалымат бербей, көптөгөн суроолорду жоопсуз калтырышууда.

Акыйкатчы институтунун сектор башчысы Азимбек Акматовдун пикиринде, бул ишти Кыргызстандын Башкы прокуратурасына тапшырып, кыргызстандык офицерди өткөрүп алуу иш-чарасын жасоо керек:

- Тышкы иштер министрлиги өзүнүн жообун берди. Бул биздин ишибиз эмес деп жооп беришти. УКМК болсо жооп бербей атат. Негизинен чалгындоо кызматтарында ушундай боло берет. Бир өлкөнүн чалгынчысы башка өлкөдө кармалса, беркилери андан баш тартып, четке чыга беришет.

Мухаммади Салимзода учурда 49 жашта. Ага берилген мөөнөт бүткөн маалда ал 78 жашка чыгат. Бирок талдоочулардын божомолунда, тажик түрмөлөрүндөгү катаал шарттарды, айыпталуучуга коюлган оор кылмыш беренелерин эске алганда, М.Салимзода ал жакта көпкө чыдабашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG