Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Сальвадордогу президенттик шайлоодо солчулдардын талапкери жеңиди


Маурисио Фунес
Маурисио Фунес

Борбордук Америкада жайгашкан Сальвадордо өткөн жекшембидеги президенттик шайлоодо жыйырма жылдан бери оппозицияда жүрүшкөн солчулдардын талапкери Маурисио Фунес (Mauricio Funes) жеңип чыкты.

“Фарабундо Марти” атындагы улуттук боштондук фронтунун президенттикке талапкери Фунес мурда теле журналис болгон экен. Ал шайлоодо 51 пайыздан ашуун добушту камсыз кылары менен эле жеңгенин айтып чыкты. Ал эми бийликтеги оңчулдардын талапкери, полициянын мурдагы башчысы Родриго Авила 48 пайыз добуш алган соң жеңилгенин моюнга алды.

Сан-Сальвадордо Фунестин тарапкерлери көчөлөргө чыгышып, жыйырма жыл мурдагы кандуу жарандык согуштан кийинки солчулдардын алгачкы жеңишин майрамдашты. Фунес – мурдагы Марксисттик кыймыл болуп саналган, азыркы “Фарабундо Марти” атындагы улуттук боштондук фронтунан. Ал тышкы саясий багытында АКШ менен жылуу мамилесин сактай турганын айтканы менен анын көз карашы салыштурмалуу солчул катары бааланууда.

Шайлоодогу жеңишинен кийин “Рейтер” кабар агенттигинин суроосуна жооп берип жатып Фунес, шайлоонун айынан эки жаат боло түшкөн элди биримдикке үндөдү:

- Ушул учурдан тарта мен бардык социалдык жана саясий күчтөрдү бизге жалпы биримдикти курууга жардам берүүгө чакырам. Ал биримдик – чыдамдуулукка, айырмачылыктарды сыйлоо принциптерине жана жалпы максаттарды бирлештирүүгө таянышы керек.

Фунестин айтымында, анын алгачкы милдети Сальвадорго да таасири тийип жаткан дүйнөлүк экономикалык кризиске карата чараларды көрүү болуп саналат. Бош отургудай убакыт жок экенин айткан Фунес, баасы асмандап кеткен азык-түлүк, АКШдан мекенине акча жөнөтүп турушкан миллиондогон сальвадорлуктар тууралуу айтып, ишин экономиканы жандантуудан баштарын баса белгиледи.

Ошондой эле Фунес тышкы саясатында бейтарап, орточул турумду ээлеп, АКШ менен тыгыз кызматташарын билдирди:


- Биздин тышкы саясатыбыздын негизги багыты – эл аралык кызматташтыкты күчөтүү, улуттук кызыкчылыктарды коргогон көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүү, АКШ менен кызматташтыкты бекемдөө жана Борбордук Американы биримдикке чакыруу болуп калмакчы.

Фунес, АКШнын президенти Барак Обаманын өкмөтүн стратегиялык өнөктөш катары көрөрүн жана эки көйгөйлүү маселеге каршы бирге күрөшөрүн билдирди. Биринчиси – жакырчылык жана социалдык обочолонгондук, экинчиси уюшкан кылмыштуулук.

Шайлоого чейин оңчулдардын талапкери Родриго Авила, эгер жарышта Фунес жеңип чыга турган болсо латынамерикалык солчул президенттердин жолун жолдоп кетерин катуу эскерткен. Шайлоодон кийин ал консервативдик “Арена” партиясы менен сак оппозиция түзөрүн жана Сальвадордун кызыкчылыктары бузулбашын байкап туратын айтты.

XS
SM
MD
LG