Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Саркози саясий жаңжалды баса алабы?


Париж -- L’Oreal фирмасынын ээси, миллиардер Лилиан Бетанкур айым менен президент Николя Саркози ушу тушта гезиттердин биринчи бетинен түшпөй турган маал.
Париж -- L’Oreal фирмасынын ээси, миллиардер Лилиан Бетанкур айым менен президент Николя Саркози ушу тушта гезиттердин биринчи бетинен түшпөй турган маал.

Франциянын президенти Николя Саркози 2007-жылдагы өзүнүн шайлоо өнөктүгү маалында анын штабы дүйнөдөгү эң бай аялдардын биринен мыйзамсыз финансылык жардам алганы тууралуу ырастоолорду "улуттук шерменделик" катары баалады. Саркозини айыптаган Лилиан Бетанкурдун өзүнө прокуратура салык төлөөдөн качканы үчүн иш козгоду.

Франциядагы маалымат каражаттары жабыла быйылкы жай президент Николя Саркози үчүн "анык тозок болгонун" жазып жатышат.

2007-жылы "медиа жылдызы" катары президенттик бийликке келип, көп өтпөй мурдагы супермодел жана ырчы Карла Бруниге үйлөнүп, ого бетер аты дүңк эткен Саркозини эми басма сөз жаңы тутанган саясий жаңжалдан бекем акмалап, андан назарын албай турат.

Жаңжал күтпөгөн жерден тутанды. Мындан үч жума мурда француз коому футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликте ооматсыз кайткан улуттук команданы сындап, анын аңытында косметкалык айтылуу L’Oreal фирмасынын азыркы ээси, миллиардер аял Лилиан Бетанкур салык төлөөдөн качканын уу-дуу кылып кеп жаткан эле. Аңгыча Бетанкурдун мурдагы бухгалтери Клэр Тибо президент Саркозинин өткөн шайлоодогу казына кармаган эсепчиси, азыркы эмгек министри Эрик Верт L’Oreal фирмасынын кожойкесинен 150 миң евро сүрөөн пул алганын айта салып, коомчулуктун бүт назарын мамлекет башчысына буруп салды.

Прокуратура ошо замат иш козгоп, маселени териштиргенге киришти. Акыры Саркози өзү ушул аптанын башында телеканалдан чыгып, түшүндүрмө бергенге аргасыз болду.

"Төрт жыл илгери, "Элдик кыймыл үчүн союзду" жетектеп турганымда ойго келбеген "Клирстрим" (француз саясатчыларына жалаа жабуу ишине) чатагына туш болгон элем. Эми болсо пенсия реформасына байланыштуу мени 20 жыл бою Бетанкур айымдан акча салынган конверт алганы барып турган адам кылып көрсөтүп жатышат. Бул анык шерменделик!" – деп айтты Саркози.

Ошол эле учурда ал Вертке партиялык казыначынын кызматын тапшырып, бүт бойдон пенсия реформасына киришкенге кеңеш бергенин кошумчалады. Бул жалааны Саркози куру убаракерчилик деп атап, ал реформага каршы чыгып жаткандарга гана керектигин кыйытып өттү.

Саркозинин реформасында пенсия курагын азыркы 62 жаштан эки жылга жогорулатуу жагы каралган. Буга нааразы болгон эки миллиондой киши өткөн айда демонстрация өткөргөн эле.

Саркози телеканалдан чыгып сүйлөр алдында полиция Бетанкурдун жакын санаалашы, фотограф Франсуа Банеранын үйүндө опус жүргүздү. Бетанкурдун кызы 87 жаштагы апасын алдап, миллиондогон акча жасап алды деп фотографты айыптады.

Буга кошумча гезиттердин бири министр Верт Париждин четиндеги ипподром жана голф аянты жайгашкан жер тилкесин текейден арзан баа менен жакын досуна сатып жибергенин жазып чыкты. Мындан тышкары министрдин аялы Флоранс L’Oreal фирмасынын капиталын башкарган компанияда иштей турганы аныкталды.

Мунун баары жаңжалга жаңы май куюп, Саркозини кыйын абалга койду. Француз телеканалдарынын биринде редактор болуп иштеген Марк Перелман акча, саясат, салыктан качуу, бай адамдар аралашкан бу жаңжал өкмөт бардык жарандарды куурун кынжыйта байлаганга чакырып жактан кезде зыяндуу экенин, өзгөчө анын өртүн өчүрүү президентке кыйын болорун белгиледи.

Өткөн аптадагы коомдук пикирдин натыйжалары эки жылдан кийинки шайлоодо Саркози социалисттик партиянын лидери Мартин Обриден утулуп калышы мүмкүн экенин көрсөттү. Бирок Перелман 2012-жылдагы президенттик шайлоого чейин Саркози күчүн кайра жыйнаганга жетишет деп ишенет.

XS
SM
MD
LG