Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Борбор Азияда сөз эркиндигине кысым күч


3-май - эл аралык басма сөз эркиндигинин күнү. Freedom House уюмунун аны утурлай жарыялаган баяндамасында мурдагы советтик өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы ММК эркин эмес мамлекеттердин тизмесине кирген. Анда басма сөздү өзгөчө катуу кысымга алуу Түркмөнстанда экени айтылат.

Түркмөндөр айтканга караганда, чындыгында эле, ал өлкөдөгү гезиттер баскан макалалар жалаң гана Гурбангулы Бердимухаммедовдун сүйлөгөн сөзү, иш сапары, кайсы кишилерди кабыл алганы тууралуу болот.

Бирок жакында оболтон эч ким ордунан солк эттире албай келаткан эки жетекчини иштен алуу - оң жылыш болорунан кабар бергендей болду. Бегли Алиев мааниси либералдык макалаларды быстырбоо боюнча, ал эми Аннамурад Поладов ал кездеги президент Ниязовду кантип даңазалатуу боюнча аттары чыккан кишилер эле дейт.

Ошондой эле жакында түркмөн лидери өз журналисттерин чет элдик басма сөз маалымат каражаттарынан таалим алууга үндөгөн. Маселен, президент Бердимухаммедов мындай деген:

-Чет өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын иштеши кандай болорун байкаш үчүн биздин сыналгы, ири гезиттер, журналдар баш редакторлору ырасмий иш сапары менен Түштүк Кореяда болуп кайтышты. Эми мен силерди өз басылмаларыңдарда, сыналгы же үналгы берүүлөрдө ошол сапардан алган баалуу тажрыйбаларыңар менен тааныштырасыңар дейм.

Ошого карабай бул өлкөдө абал оңолуп кетерине көпчүлүк арсар. Кызык жери Түркмөнстан бийлик кызматкерлери журналисттер алдында ооз ачпаган адатта экени айтылат. Андай адат Түркмөнбашы тушунда пайда болгон экен.

Орусиялык көз карандысыз серепчи Алексей Симонов айтканга караганда, басма сөз эркин болуш үчүн кайсы мамалекет болбосун ал өлкө жарандары эркин болушу керек:

- Эркиндикке чыккан адамдардын, каалаганындай эмгектенип, каалаганындай ээн-элкин жашаган адамдардын гана эркин басылмасы болот.

Алдыңкы күнү, 2 майда БУУ баш катчысы Пан Ги Мун дүйнөдө журналисттерге кол салуу абдан арбын экенин кооптонуу менен айткан. Өлкөлөр башчыларына кайрылган кебинде Пан Ги Мун журналисттер өз кесибин тың аткаруу үчүү укуктуу болууга тийиштигин белгиледи.

Ал уюмдун журналистерди коргоо комитети билдиргенге караганда, 2008-жылы 125 журналист түрмөгө олтургузулган. Анын жарымы Куба, Кытай жана башка мамлекеттерден экени айтылат
XS
SM
MD
LG