Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:11

Сочи: Олимп оюндарын утурлаган саясий оюндар


Премьер-министрдин мурдагы орун басары Борис Немцов
Премьер-министрдин мурдагы орун басары Борис Немцов

Кара деңиз боюндагы Орусиянын курорттук шаары Сочиде кышкы Олимп оюндары өтөрүнө дагы беш жыл бар. Бирок 2014-жылы боло турган ал оюндарды утурлай Сочиде саясий оюндар кызуу жанданды.

Кийинки айда өтө турган шаар башчылыгына шайлоодо талапкерлердин саны мурда болуп көрбөгөндөй өстү. Эң башкысы шайлоого аттангандардын аброй-даражасы коомчулуктун көңүлүн бурууда.

Орусиянын премьер-министринин мурдагы орун басары, азыркы Кремлдик сынчы жана миллиардер, ошондой эле Британияда киши өлтүрдү делип шектелип жаткан КГБнын мурдагы тыңчысынын бири-бири менен кандай байланышы болушу мүмкүн?

Жооп - бирөө эле. Алардын бардыгы Кара деңиз боюндагы Орусиянын курорттук шаары болгон Сочиге мэр болуп, 2014-жылы кышкы Олимп оюндарын өткөрүүгө катышкылары келет.

Миллиардер Александр Лебедев


Ушул аптада Орусиянын эң бай адамдарынын бири, Лондондо жашаган миллиардер Александр Лебедев ансыз да көп талапкерлер тизмесине өз ысымын кошту. Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты, улуттук “Аэрофлолт” компаниясынын үчтөн биринин ээли, Лондондогу “The Evening Standard” гезитинин жана башка бир катар ири ишканалардын ээси Лебедев 49 жашта.

Дагы бир белгилүү талапкер айтылуу Борис Немцов. Ал Борис Елциндин тушунда премьер-министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, учурда Путиндин режимин сындап жүрөт.

ЛДПР партиясынан мамдумага шайланган депутат Андрей Луговой


Андан тышкары, жарыша учурдагы либерал-демократтар фракциясынын мүчөсү, Британияда Александр Литвиненкону өлтүрдү делип шектелип жаткан жаңжалдуу фигура Андрей Луговой да катышмакчы.

Булардан башка жергиликтүү чиновниктер, аты анча белгилүү эмес көптөгөн талапкерлер бар.

Сочинин мэри кызматы абдан баалуу экендиги кыйладан бери айтылып келет. 2014-жылкы Кышкы Олимп оюндары маалында мэрдин кеңсеси башкаларды айтпаганда казынадан бөлүнө турган 12 миллиард долларды коротууга катышат.

Бирок талдоочулар мэрлик кызматка аттуу-баштуулардын бардыгы жеке бул нерселер үчүн гана аттанышпаганын айтышат. Орусияда мэрлик кызмат, Кремлден эмес эл тарабынан шайланган бирден-бир кызмат.

“Панорама” аттуу маалымат талдоо жана иликтөө борборунун президенти Владимир Прибыловский мындай дейт:

“Эми эң оболу кооптуу делген талапкерлерди каттабай коюуга бардык аракеттер жасалат. Эң башта Немцов менен Лебедевди жолотпоого күч жумшалат. Бийликтер Луговойду деле колдоп, өткөрүп койгонго алдары келет деңизчи, бирок анда шайлоо чыр-чатактарга айланып кетиши мүмкүн. Албетте эгер бардык талапкерлер шайлоого кое берилсе - бул абдан кызык шайлоо боло турган болду”,- деди Владимир Прыбыловский.

XS
SM
MD
LG