Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстан социалдык теңсиздикти жоюу жолуна бет алды


20-февралда дүйнөдө алгач ирет социалдык адилеттик күнү белгиленет. Бул күндү эл аралык деңгээлде белгилөө жөнүндө демилге менен БУУга Кыргызстан кайрылган болчу.

Рустамдын жол кырсыгынан жүлүнүнө доо кетип эки буту иштебей калган. Ал өзүндөй майып баланын көп кабаттуу үйдүн тепкичинен эч кимдин жардамысыз эле түшүп жатканын орусиянын теле берүүсүнөн көргөндөн кийин кабаттуу үйдөн өзү түшкөндү үйрөнүп алды. Бирок түшкөн менен кайра чыга албайт. Анткен менен машина айдап такси кызматын көрсөтүп үй-бүлөсүн бакканга жарап атат.

- Эми мамлекеттин 750 сом берген жөлөк пулу эмнеге жетмек эле. Дайыма дарыланып турушум керек. Электр акысынан 25 пайыз жеңилдик бар экенин угуп барсам, кезек күтүү керек экен. Кезегиң жетсе кайр башка жакка жөнөтөт. Кыскасы кыйла чуркоом керек экен. Андан көрө мен ошол 25 пайыз жеңилдиктен баш тартканым дурус экен,- дейт Рустам.

БУУнун 20-февралды Социалдык адилеттик күнү деп жарыя кылышы Рустамга окшогон аялуу катмардагы адамдардын аз да болсо үмүтүн жандыргандай болду.

Кыргызстанда социалдык адилеттик күнүнө карата бир топ иш чаралар эмитен өткөрүлө баштады. Алар негизинен маалымат жыйындар, тегерек столдор жана талкуулар формасында жүрүп жатат.

- Мунун баарын бир эле мамлекеттин чегинде чечүү кыйын. Ошон үчүн биздин мамлекет БУУга сунуш кылган эле. Көп маселерди башка мамлекеттер менен чечүү аракетин көрүп келебиз, – деди тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова.

Бактыгүл Каламбекованын билдиргенине карганда Кыргызстанда социалдык адилеттүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу максатын көздөгөн атайын иш чаралар өлкөнүн орто мөөнөттөгү өнүгүү стратегиясына да жазылган.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын кыймылынын жетекчиси Мирбек Асангалиевдин пикиринде мамлекет социалдык адилеттикти орнотом десе адегенде социалдык керектөөлөргө бюджеттен жетиштүү каражат бөлүүну колго алышы керек:

- Буга чейин да социалдык саясатта көп жетишпегендиктер болуп келген. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго кошуу, тең укук жаатындагы декларацияларды ишке ашырууга тиешелүү шарт түзүлгөн эмес. Бюджеттен да каражата аябай аз бөлүнүп келет.

Социалдык тармактагы укук коргоочу Бурул Макенбаеванын пикиринде өлкөнүн социалдык саясаты жаңы жылдан баштап кайра артка чегинген. Муну айрыкча медициналык камсыздоо тармагында баамдаса болот:

- Бул эми иштер декларативдүү түрдө эле жүргүзүлүп келатат. Ал эми бюджетти карсак, мисалы быйылкы каржылоодо медицина тармагына кыйла аз өлчөмдө акча бөлүнгөн. Бул социалдык саясаттын арка кеткени.

Калкынын алтымыштан ашуун пайызы жакыр жашаган Кыргызстандын БУУга социалдык адилеттикти өрнөтүү боюнча сунушу дурус бааланып, 190 өлкө бул демилгени колдоп берди.

XS
SM
MD
LG