Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Космостогу кокустук


Iridium спутнигинин долбоордогу сүрөтү.
Iridium спутнигинин долбоордогу сүрөтү.

Космосто эки спутник кагылышып, бытыраган сыныктарга айланды.Мындай кырсык биринчи ирет катталды, бирок орбитада миңдеген аппараттар учуп жүргөндүктөн буга окшогон кокустуктар дагы көп болушу мүмкүн.

АКШнын улуттук аэрокосмос агенттиги – НАСА орбитадагы бул авария Сибирдин үстүндө Жерден 800 чакырым бийиктикте болгонун маалымдады.

Америкалык Motorola корпорациясына караган бүткүл дүйнөлүк Iridium телебайланыш тармагына тиешелүү спутник катуу ылдамдыкта учуп баратып орустардын эбак керектен чыккан байланыш аппаратына урунган. Эки аппарат тең быркырап талкаланып, алардын быкылдаган майда-барат сыныктары космосто уюлгуп,каалгып калды.

Эксперттердин эсебинде чачырандылардын чокморлонгон бу уюгу бир нече аптада барып гана акырындап тарап, жок болушу мүмкүн. НАСАлык адистер сыныктардын көбү Жердин атмосферасында күйүп кетет деп эсептешет. Ага чейин сыныктар Жерге жакын орбитадагы башка аппараттар үчүн кооптуу бойдон калат. Ошондуктан алардын кыймылын АКШда да, Россияда да агылгалап көз салып, кылдат байкоого ала башташты.

Эл аралык космос станциясына жана анын экипажына азырынча коркунуч жоктугун НАСАнын адистери ырасташты. Станция бир кыйла ылдыйкы орбитада – эки спутник кагылышкан бийиктиктен 400 чакырымдай төмөндө учуп жүрөт.

НАСА ушу айдын этегинде станцияга кезектеги экспедиция жөнөткөнү жатат. Адистер ага да олуттуу коркунуч жок экенин айтышууда.

Америкалыктардын талкаланган спутниги орбитада 1997-жылдан бери иштеп жаткан, анын салмагы жарым тоннага жетет. Орустардын космостогу аппараты орбитага 1993-жылы чыгарылган, бирок эки жылдан соң жараксыз болуп калган. Анын салмагы болжол менен бир тоннага жакын дешет.

Роскосмостун өкүлү Александр Воробьев орбитада америкалыктардын спутниги менен кагылышкан аппарат совет мезгилинен калган таштандылардын бири болуу керек деп болжолдойт. Азыр аны адистер тактап жатышат. Ошондуктан спутниктин Роскосмостуку экенин тастыктаганга агенттик шашылган жок.

НАСАнын эсептерине караганда Жерге жакын орбитада азыр керектен чыккан,сынып-талкаланган 17 миңдей обьект учуп жүрөт, алардын баары космостогу таштандыларга кирет. Акыркы окуядан улам алардын саны канчага жеткенин адистер бир жуманын ичинде аныктап чыкканы жатышат.

1957-жылдан бери Жердин жакынкы орбитасына 6 миңден ашуун космос аппараты чыгарылган.

XS
SM
MD
LG