Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Швеция Евробиримдиктин таасирин арттырууну каалайт


Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Брюсселде Европарламенттин комитетинде чыгып сүйлөдү. 21-июль, 2009-ж.
Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Брюсселде Европарламенттин комитетинде чыгып сүйлөдү. 21-июль, 2009-ж.

Швеция ушул айдан тарта жарым жыл бою Евробиримдикке төрагалык кылат. Бул вазийпаны Стокгольм кандай аркалап, кайсыл маселелерге артыкчылык берээрин Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт шейшембиде Европарламенттин тышкы иштер комитетинде айтып берди.

Карл Билдт сөзүнүн башында ушу тапта Европа Биримдигине мүчө бир катар өлкөлөрдүн экономикасы глобалдык кризистен жапа тартып, каржалып турганын, аларга жардам көрсөтүп алдыга жетелеп кетүү – Шаркеттин дүйнөдөгү ролу менен кадырын бекемдечү иш экенине токтолду.

- Европа Биримдигинин ролу - экономикасы начарлай түшкөн өлкөлөрдү турукташтыруу болмокчу. Шаркетке мүчө андай өлкөлөрдү бутуна тургузбасак, башка маселелерде жылыш болбойт.

АКШ менен алакаларга келгенде, Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильт Барак Обаманын айткандарынан улам, эки тараптуу мамилелер көп жагынан оңолуу жагына түшөт деп ишенээрин белгиледи. Андан сырткары Балкандагы өлкөлөрдү Еврошаркетке жакындатуу маселеси Швеция үчүн артыкчылыктуу болору айтылды. Стокгольм көптөн бери Хорватия менен Македонияны Биримдикке кабыл алуу маселесин колдоп келатат. Европарламенттеги сөзүндө Карл Билдт Сербиянын өкмөтүн өлкө тарыхындагы эң реформачыл жана Еврошаркетке жакын өкмөт катары мактай кетти. Хорватия менен Словения ортосундагы чек ара талашында Швеция кай тарапты колдоору такталган жок, бирок эки өлкө араздашуусун токтотуп, орток пикир табышы керектиги гана айтылды.

Евробиримдикке умтулган эң чоң өлкө - Түркияга карата Шаркетте бир пикир жок, Германия менен Франция Анкарага мүчөлүктүн ордуна “артыкча өнөктөштүк” сунуш кылууну туура көрөт, - деп сөзүн уланткан Биримдикке эмки төрага өлкө өкүлү: "Түркия маселеси бир топ талаш-тартыш жаратып келатат, бул табигый нерсе. Швеция төрага катары Биримдиктеги көпчүлүктүн чечимин урматтап, ошого жараша иш алып барат, бирок Түркияны кабыл алуу маселесин алдыдагы айларда алдыга жылдырууга аракет кылабы. Бул иштеги башкы көйгөй – Кипрдеги гректер менен түрктөрдү элдештирүү", - деп белгиледи Карл Билдт.

Түркиядан сырткары ал Швециянын төрагалык кызматынын дагы бир орчундуу бөлүгү Орусия, Украина, Беларус, Молдова жана Түштүк Кавказдагы 3 өлкө менен кызматташтыкты жөндөөгө жумшалаарын белгиледи. Москва менен Брюссел ортосунда былтыр Түштүк Осетиядагы согуш, ал боюнча түзүлгөн келишим аткарылбаганы туурасында тымызын тирешүү бар, бул багытка Швеция атайын көңүл бөлөөрү айтылды.

Евробиримдик менен Кытайдын ортосундагы посткоммунисттик 12 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да демократия артка кетип, авторитардык бийлик күчтөнүп баратканына токтолгон Карл Билдт Украина менен Түштүк Кавказ өлкөлөрүнө виза маселесинде жеңилдик берүү сунушу эртелик кылат деген оюн кошумчалады.

Министр Шаркеттин мусулман өлкөлөрү менен мамилелери АКШнын саясаты өзгөрө баштаганына байланыштуу мындан ары оңолот деп ишендирди. Карл Билдт ошондой эле Евробиримдиктин Иран өкмөтү менен алакасын улантуу ниетин коргоп, ырасмий Тегеран ушу тапта катуу сынга кабылса да, бул өтө таасирдүү өлкө менен ар тараптуу байланыштарды улантуу зарыл деп басым жасады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG