Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо кышка чейин тумоонун бул түрү күчүн жоготпосо олуттуу көйгөйгө айланышы мүмкүн экенин айтууда.
Алгач Мексикада башталып, кийинчерээк дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө да акырындап жайыла баштаган чочко тумоосу кыска аралыкта жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Дүйнөнүн 20 мамлекетинде чочко тумоосун жуктуруп алган 1025 учур катталды. Мексиканын коңшусу АКШда бул ооруга чалдыккандардын саны 286га жетти. АКШнын саламаттыкты сактоо министрлиги бул сан өсүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Чочко тумоосунун адамдан адамга жуга баштоосун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абдан кооптуу көрүнүш катары баалаган болчу. Азыркы тапта Мексикадан башка АКШ, Канада, Испания, Британия жана Германияда бул илдеттин адамдан адамга жуккан учуру катталды.
Бул илдет мындан ары күчөй турганы, бардык өкмөттөр ага даяр болуусу керектиги айтылгандан бери көптөгөн мамлекеттер даярдыгын күчөтүп, оору катталган аймактардан келаткан учактарды, транспорт каттамдарын катуу текшерүүгө алышууда. Айрым мамлекеттер чектен чыккан катуу текшерүүлөрдү жасап жатышканы да айтылууда. Маселен, Кытайдын Бээжин, Шаңхай, Гуанчжу жана Гонг-Конг шаарларында ондогон мексикалык жарандардан чочко тумоосунун белгилери табылбаса да башка элдерден бөлүнүп, изоляцияланган. Мексика бийлиги болсо Кытайды жалаң мексикалыктарды карантинге алгандыктары үчүн айыптап чыкты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги андай сынды четке какты.
Дүйнө коомчулугу чочко тумоосу пандемияга, эпидемияга айланып кетип, 1918-жылы он миллиондогон адамдын өмүрүн алып кеткен «испан тумоосу» сыяктуу коркунуч жаратарынан чочулап турат. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму андай чочулоолорго негиз жок экенин айтып, уюмдун жетекчиси жетекчиси Маргарет Чань маалымат каражаттары аркылуу көпчүлүктү жоошутууга аракет кылды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчисинин орун басары Кейжи Фукуданын айтымында, чочко тумоосу келаткан айларда жер шарынын түштүк ыптасында оор проблема жаратышы ыктымал. Анткени кыш алды дүйнөнүн ушул бөлүгүндө жөнөкөй тумоонун деңгээли көбөйүп, чочко тумоосу да оталып кетиши мүмкүн. Ошондой эле ал жер шарынын түндүк бөлүгүндө абал азыр да коопту бойдон калып жатканын баса белгиледи:
«Биз азыркы тапта жердин түндүк ыптасында чочко тумоосу бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтүп жатканын көрүп атабыз. Ошол себептүү жердин түштүк ыптасында гана алдыңкы айларда абал оорлошот деп айтышка болбойт. Оорлошо турган болсо абал бардык жерде оорлошот. Биз азыр дароо эле бул вирус мындан ары кайда жылат, кандай болот, эмнеге алып келет айта албайбыз»,- дейт Кейжи Фукуда.