Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Коммунизмден диний тоталитаризмге төтө жол


Советтик доордо мусулмандар куугунтукка кабылып, ислам дини караланып келген. Ата-мекендик согуштун мезгилинде гана сырткы душмандын коркунучун эске алуу менен коммунисттик бийлик аймакта исламга бут тосконун азайткан. Бирок тоталитардык система кулаганда көз карандысыздыктын жылдары ислам дини аймакта коммунизмден калган боштукту тездик менен толтура баштады.

Хиромон Бакоева - тажикстандык журналист, "Азаттык" үналгысынын Тажик кызматынын Прагадагы кабарчысы. Хиромон көп жылдардан бери Европада жашайт. Мусулмандарча башын жаппаганы менен, Тажикстанга барганда айыл жеринде көпчүлүктүн катарында жоолук салынат.

- Бизде тажиктерде айтышат: "бир көздүүлөрдүн шаарына келсең, сен да бир көздүү болушуң керек". Мен да кырдаалга жараша кийингенге аракет кылам. Шаарда каалагандай кийинип жүрөм, айылга барсам ал жердин шартына жараша кийинем.

Эгер улам күч алып жаткан шарият тартибинен улам Тажикстанда аялдарга хижаб кийүү милдеттендирилсе, ал жакта жашай алат белеңиз? Бул суроого Хиромон ойлонбостон эле "жок" деп жообун узатты:

– Мен андай өлкөдөн кетип калмакмын. Андай өлкөдө жашай албайт болушум керек, себеби мага өтө кыйын болот. Мен эркин Тажикстанда, ачык коомдо туулуп өскөм.
Хиромон жижаб кийген өлкөдө жашагысы келбейт.

Тажикстанда бийлик диний экстремизм коркунучу менен күрөштү бетке кармап, хижабга согуш жарыялаган, бирок калың эл катмарында Хиромонго окшогон секулярдуу, башкача айтканда, кудайга ишенсе да, ишенбесе да, өздөрү туура көргөндөй кийим кийүүнү каалаган аялдардын турмушу улам татаалданып барат.

Дүйшөмбүдөн 50 чакырым аралыктагы Турсунзода шаарынын тургуну Шойра Шатманова 21 жаштагы уулунан «мусулмандарча кийинбейсиз, элге уят экен» деген сөздү угууга туура келерин, сөзгө сөлтүк болбош үчүн орозо маалында, иште орозо кармаган киши болуп жүрөрүн айтат. 53 жаштагы эне кызынын Москвада оруска турмушка чыкканына сүйүнгөнүн жашырбайт, «жок дегенде кызым коркпой-үркпөй, каалагандай кийинип жүрө алат» дейт.

Шатманова аялдардын хижаб кийип жүрүшүнө каршы эмес, «бирок алар күйөөлөрү менен мен сыяктууларга каршы чыкпасын» дейт.

Кинонун күчтүү таасири

Мусулман кийимин кийген кыздар Кыргызстанда да көбөйүүдө. Бирок Тажикстанда кыз-келиндер арасында хижаб, же башын, мойнун жаап, денесин согончогуна чейин жапкан чапан кийген өзүнчө модага айланган. Бул моданын себебин Хиромон мусулман өлкөлөрдөн келген көркөм тасмалардын таасиринен көрөт:

– Каармандары мусулманча кийинген, окуган, сулуу аялдар болгон кинолор пайда болду. Бүгүн Тажикстанда келбети ошондой тасмалардын каармандарына окшош аялдарды кездештиресиз. Бул - мода болуп кеткен. Мындай кийим бул аялдардын улуттук же диний көз караштарына жооп берет.

Мода бир жөн, бирок мамлекет динзарларды кысымга алган, же тескерисинче, динзарлар башкаларга өз түшүнүгүн таңуулаган көрүнүштөр тынчтыкка же өз ара түшүнүүчүлүккө салым кошо албайт.

Тажикстандын исламдык кыймылынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири, кезегинде Бириккен оппозициясынын катарында өкмөткө каршы согушкан Акбар Туражан ажы кезегинде өлкөнүн башкы муфтийи да болгон. Жакында Рейтер агенттиги менен маегинде ал Малайзия, Индонезия, Индия өңдөнгөн секулярдык мамлекеттик түзүлүштү колдой тургандыгын билдирди. «Мен исламдашууну колдобойм. Мен Тажикстандын секулярдуу, бирок динге кастарын тикпеген өлкө болушун каалайм. Тилекке каршы бизде «секулярдуулук» дегенди «динге каршы» деген түшүнүк менен бирдей карашат» дейт ал.

Журналист Бакоева бүгүн Тажикстанда мамлекет кыздардын кандай кийиниши керектигине чейин кийлигишкенди коюп, алардын алган билимине көңүл бурса болмок деп эсептейт:

Бүгүн бизде университеттерде, мектептерде диний кийим кийген кыздарды окууга киргизбей койгонго чейин барып жатышат. Мындай кыздарды жөн эле окууга киргизбей коюшат. Бирок өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүгү бар кыздардын катары суюлуп барат. Ошондуктан Билим берүү министрлиги өтө чоң ката кетирип жатат деп эсептейм. Эгер хижаб кийген кыздар окуйбуз десе окушсун. Анткени башкысы кыздын сырткы кейпи эмес, кандай кадрларды даярдап чыгарабыз - ушул маанилүү.
XS
SM
MD
LG