Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Президенттин урпагы болуш оңой бекен?


Тажик президентинин кызы Озода Эмомали. 4-сентябрь, 2009-ж.
Тажик президентинин кызы Озода Эмомали. 4-сентябрь, 2009-ж.

Тажик президенти Эмомали Рахмон ушул аптада кызы Озоданы тышкы иштер министринин орун басары кылып дайындады. Борбор Азияда мындай көрүнүш салтка айланган, азырынча кесепети ар түркүн.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун 7 кыз, 2 уулу бар. Ушул аптада ал улуу кызы Озоданы тышкы иштер министринин орун басары кылып дайындады. Мамлекеттик кызматка андан башка 22 жаштагы уулу Рустам – жаштар, спорт жана туризм комитетинин төрага орун басары катары илинип келатат.

"Эмомали Рахмон мураскерин четтен издебей, өз үйүндө даярдап жаткан жокпу? " деген суроону "Азаттыктын" Тажик кызматынын директору Сожида Жафаровага узаттык:

- Тажик президенти аста-аста балдарын чоң саясатка даярдап келатат. Атасынын ордун басканга кимиси даяр экенин айтуу кыйын, бирок балдарын коомдук инсандарга айландыруу аракети жүрүп жатканы айкын. Кызы Озода буга чейин тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгын жетектеп келген, уулу Рустам деле иштеп келатат, бирок экөө тең азырынча иши менен эл көзүнө көрүнө элек. Жакында "Азия-Плюс" агенттиги Озода менен кенен интервью басып чыгарды, аны окуган киши тажик президентинин бул кызы ички, тышкы саясатты мыкты билген, дасыккан дипломат экен деп ойлоп калчудай. Сөз менен иш шайкеш келсе, албетте.

Тажик президентинин өз кызын ушундай кызматка дайындаганы тажик коомчулугунда кандай кабыл алынды? Элдин пикири кандай?

- Эл өкмөттөгү дайындоолорго ач бөрүдөй эле көз салып турган кез. Анткени өкмөткө, президенттик администрацияга жалаң чоңдордун балдары, колунда барлардын урпактары келип атканын көрүп турушат. Аларга жол ачык. Ал эми ортоңку катмар, карапайым адамдар үчүн андай кызматтарга жол жабык. Ошондуктан бул жаңылыкты эл терс кабыл алды.

Борбор Азия президенттери балдарын чоң кызматка дайындаганы негизинен салтка айланып калды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуу кызы Дариганы Сенаттын мүчөсү, алдыңкы партия башчылыгына чейин сүрөп барып, анын жубайы Рахат Алиевди улам бир кызматка көтөрүп отурду. Рахатка кийин алы жетпей калып, азыр эми чет өлкөдө качып жүргөн экс-күйөө баласы сыртынан 40 жылга түрмөгө кесилди.

Дарига саясаттан четтетилди, бирок далай майлуу маалымат компаниялары менен банк жана башка жайларга кожоюндук кылып отурат. Назарбаевдин башынан өткөнү Борбор Азия президенттери үчүн сабак болушу керек дейт, "Азаттыктын" журналисти Мерхат Шарипжан:

- Авторитардык өлкөдө бирөөнүн тууганы болуп чоң кызматта отурган кооптуу деп ойлойм. Эртеби-кечпи ортодо ич күйдүлүк башталат. Ага Дарига Назарбаеванын баскан жолу далил боло алат. 2004-жылы ал чоң саясатка аттанып, "Асар" ("Ашар") аттуу партия түзүп, Казакстанды түрө кыдырып, эл менен жолугуп, саясий дымагы күчөп, атасына азуусун көрсөтө баштады эле, аягы эмне болду? Партиясы да жок болду, тагыраак айтсак, Назарбаев кызынын партиясын өзүнүкүнө кошуп-бириктирип, телевизордон “мынакей, кызы атасына кайтып келди” деп жарыялады.

Балдарынын саясий дымагы атасына зыян тийгизээрин Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин мисалы да таасын айгинелейт.

2005-жылкы парламенттик шайлоого Акаевдин ага чейин элге кызматы өтпөгөн уул-кызы Айдар менен Бермет жарыша катышып, депутаттык мандатты башка көрүнүктүү адамдардан көз көрүнөө тартып алышты эле, дал ошол окуялар өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутуп, көп өтпөй Акаевдер үй бүлөсү менен жансактай Орусияга качып кетүүгө аргасыз болушту.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Ташкенде, кийин Америкада билим алган. Зергерчиликке кызыгып, каухар, акак, бермет өңдүү асыл таштар менен кооздолгон шакек-билериктерди даярдап, ал өнөрүнүн аркасында атын чыгарып келатат.

Андан сырткары президент өз кызына мамлекеттик милдет жүктөп, Гүлнара Каримова эки жылдан бери Швейцариядагы кооз шаар Женевада жашап, Өзбекстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык мекемелердеги туруктуу өкүлү кызматын ээлейт.

Чет элдик эксперттер Борбор Азия калкынын кулк-мүнөз, менталитетинен улам, бийлик мөөнөтүн улам узартып келаткан президенттер келечекте ордуна өз балдарын калтырууга аракет кылышы толук ыктымал деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG