Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Тажикстанда парламенттик шайлоо


Тажиктер 28-февралда парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү кеңештерге өкүлдөрүн шайлашты. Шайлоо участкалары жаңы эле жабылганы менен, добуш берүүчүлөр жана оппозициядагы саясатчылар өнөктүк ачык өткөн жок деп ырасташууда.

Байкоочулар президент Эмомали Рахмондун бийликтеги Демократиялык Элдик партиясы Мажилистин төмөнкү палатасындагы көпчүлүк орундарын сактап калат деп азыртадан эле болжошууда. Атап айтканда, партия азыр 63 орундуу палатада 50 мандатка ээ.

Өнөктүк президенттин уулу Рустам Рахмондун саясий карьерасынын башаты болуп калчудай. Ал баш калаа Душанбе шаардык кеңешине талапкердигин койгон.

Оппозициядагы Социал-демократтар партиясынын төрагасы Рахматулло Зоиров бир нече шайлоо участкасында алардын байкоочулары добуш берүүгө көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышпаганын айтып арызданды:

- Кээ бир участкаларда бир нече ирет добуш берилген фактылар катталды. Бийликтегилер добушканаларда сүрөткө тартууга же тасмага түшүрүүгө тыюу салышты. Байкоочулардын ишине тоскоолдуктар болду.

Президенттин партиясына атаандаш катары Коммунисттик жана Ислам Кайра жаралуу партиялары чыгышты. Алар азыркы парламентте бир нече орунду ээлешет.

Ислам Кайра жаралуу партиясы шайлоо кампаниясын жигердүү жүргүздү эле, бирок анын жаш лидери Мухиддин Кабири шайлоодон түңүлгөндөй:

- Бул өнөктүк 2005-жылкы шайлоодон жакшыраак өтөт деп үмүттөнгөнбүз. Бирок, тилекке каршы, айрым участкалардагы байкоочуларыбыздан түшкөн маалыматтарга караганда, жер-жерлердеги бийликтер демократиялык жана тунук шайлоо өткөрүүгө даяр эмес.

Душанбедеги бир топ шайлоочулар Кабиринин ырастоолоруна кошулушат. Жавхаршох Химатшоев "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, каттоодон өткөнү менен анын 5 кишиден турган үй-бүлөсү шайлоого чакыруу алган эмес:

- Биздин ысымдарыбызды жоготуп койгудай алар эмне сокурбу? Бир кишинин атын унутуп калгыла, макул экөөнү, 5 кишиникин кантип эле эстен чыгарышсын? – деп суроо салат Химатшоев.

Европадагы Копсуздук жана Кызматташтык уюму шайлоого көз салуу үчүн эки жүздөй байкоочусун жиберген. Өнөктүк алдында уюм шайлоо кампаниясындагы кемчиликтерди сындаган.

Оппоненттеринин сынына карабай, президент Рахмон бул өнөктүк өлкөнүн экономикалык жана социалдык турмушунда маанилүү роль ойнойт деп белгиледи.

"Тажикстандын эл аралык сахнадагы аброюн алсак, парламенттик шайлоо канчалык ачык, эркин жана демократиялык болсо, тажик эли жана өлкө үчүн ошончолук жакшы болот", - деди президент.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын 1-мартта жарыялайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG