Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Cуннилердин таанымал жана байистүү динаятчысы дүйнө салды


Мухаммад Саед Тантави
Мухаммад Саед Тантави

Мусулмандардын эң таанымал жана таасирлүү динаятчысы шейх Мухаммад Саед Тантави сексен бир жаш курагында дүйнө салды. Исламдын сунни агымынын өкүлү болгон Тантави өзүнүн байистүү көз-караштары менен белгилүү эле.

Мухаммад Саед Тантави 10-март күнү Сауд Аравияда жүрөгү кармап, каза тапты. Ал Эр-Рияд шаарында диний салтанатка катышкан соң, мекени Египетке кайтып бара жаткан эле. Соңку он төрт жылдан бери Каирдеги айтылуу Ал-Аскар университетинин улуу шейхи кызматын аркалап келе жаткан Тантави дүйнөгө байистүү көз-караштары менен белгилүү эле. Ал исламдын салттуу баалуулуктарын Талибан же “ал-Каида” сындуу радикал уюмдардын чакырыктарынан коргоп келе жаткан болчу.

“Асман менен жердей айырма”

Динаятчы өз сөздөрүндө жарандарга каршы багытталган террордук актыларды утур-утур айыптап, экстремизмди исламдын душманы катары баалаган. Былтыр октябрда Дүйшөмбүдөгү диний конференцияга келген учурунда “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда ислам менен террордун кайнаса каны кошулбасын айтып, мындай деген:

- Исламды террорчулук жана бүлгүнчүлүк менен байланыштыруу ылайыксыз. Террорчулук адамдардын тынч жашоосун бузуу дегенди туюндурат. Диндердин баары жана адамзат муну айыптайт.

Тантави 2003-жылы өзүн-өзү жардырган жанкечтилерди “исламдын душмандары” деп атоо менен экстремисттик топтор “жихад” деген сөздү туура эмес колдонуп жатканын айтып чыккан. Улуу шейхтин ошондогу кебине караганда, жихад түшүнүгүнүн нукура исламдагы мааниси менен экстремизмдеги маанисинин айырмасы - “асман менен жердей”.

Мусулман дүйнөсүнүн эң кадыр-барктуу диний окуу жайынын башында тургандыктан, Тантавинин көз-карашы менен чыгарган фатваларынын моралдык жана укуктук салмагы бар эле. Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов аны менен соңку ирээт өткөн айдын аягында Каирдеги конференцияда жолугуп келген:

- Бул кишинин бир өзгөчөлүгү - дүйнөдөгү мусулмандардын баарына, кайсыл масхапта болгонуна карабай, өз орду, өз салмагы, аброюу бар эле. Исламдагы дин аалымдарынын бир жылдызы, бир чырагы өчтү десек болот.

Аялдар маселесиндеги байистүүлүк

Динаятчы жанкечтилердин жардырууларына гана каршы чыкпастан, аялдардын жүзүн жаап жүрүүсү, аборт жасатуусу, кыздарды сүнөткө отургузуу өңдүү талаштуу маселелер боюнча көз-карашын ачык билдирип келген.

Маселен, Францияда карама-каршылык жараткан көрүнүш – мусулман кыздардын мамлекеттик мектептерде жоолукчан жүрүшүнө баа берүүсүн сурашканда, Тантави сабак учурунда жолуктарын чечип коюшу керек деген чечим чыгарган. Динаятчынын мындай чечими анын эки жамандыктын бирин тандоого келгенде, билим албай калгандан көрү, жолукту чечип салуу зыянсызыраак деген турумун чагылдырып турат.

Маалымат каражаттары динаятчынын татаал жана узак аныктамаларынын бир бөлүгүнө гана шилтеме жасашкандыктан, Тантави кээде аны туура эмес түшүнүп калышканын айтып даттанчу. Ошондой маселелердин соңкусу – улуу шейхтин былтыркы чечими эле. Тантави Ал-Аскар университетинин Египеттеги мектептеринде кыздардын бир гана көзүн ачык калтырып, моюну-башын, жүзүн жаап же никабчан жүрүүсүнө тыюу салган. Ошондо Египеттин исламчыл саясий топтору аны мындай тыюуну эми бүткүл коомдук жайларда киргизүүнү көздөп жатканы үчүн күнөөлөшкөн. Бирок Тантавинин өзү былтыр октябрда “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда аны фатвасы жогорудагыдай максатты көздөбөй турганын айткан:

- Биз мусулман аялдар коомдук жайларда никабчан жүрө албайт деген фатваны эч убакта чыгарган эмеспиз. Болгону мугалимдер да, окугандар да баары кыздар болгон класста никабды кийбөө керек деген көрсөтмө бергенбиз. Класстагылардын баары талаптагыдай ислам кийими бар кыз-келиндер болгон, эркектер жүрбөгөн жерде никабдын эч зарылдыгы жана мааниси жок. Биздин фатва мына ушул маселе боюнча гана.

Ал эми аборт маселесине байланыштуу Тантави кыз-келиндер зордуктоого кабылган шартта, буга уруксат берүү керектигине токтолгон. Кыздардын сүнөткө отургузулушуна каршы чыгып, бул көрүнүштүн дин менен эч байланышы жоктугун айткан.

Динаятчы дооматтардан да куру эмес эле

Ошол эле учурда динаятчынын бир топ маселелер боюнча көз-караштары динди каталыраак маанайда чечмелегендердин кыжырдануусун келтирчү.

Египеттин исламчыл саясий кыймылдары Тантавини көп учурда ислам боюнча байистүү турумун Египет өкмөтүнүн пайдасына кызмат кылуу максатында көргөзүп жатканы үчүн айыпташкан.

Ал-Аскардын башкы шейхин дайындоочу Каир оппозицияны ооздуктоо аракетинде саясатта исламга таянгандарды кодулап жүргөнү жашыруун эмес. Бирок толугу менен мамлекет тарабынан каржыланган Ал-Аскардын башына келгенге чейин 10 жыл Египеттин мамлекет дайындаган муфтийи кызматын аркалаган Тантави саясий таасирден оолак турчу. Ал университетти жетектегенден тышкары ал-Аскар мечитинин да баш имамы эле.

Эми таасирлүү динаятчынын дүйнөдөн өтүшү менен расмий Каир абройлуу университеттин жана мечиттер комплексинин башына кимди дайындайт деген суроо чыгууда. Маалыматтарга караганда, Египет президенти жаңы дайындоону жүзөгө ашырганга чейин жетекчиликти Тантавинин орун басары Наср Фарид Мохаммад Васел аткарат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG