Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Таиландда демонстранттар АСЕАН саммитин үзгүлтүккө учуратышты


Таиланд бийликтери Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин (же АСЕАН) саммити болбой калганын жарыялашты. Өлкөнүн Патайя аттуу курорттук шаарында өтмөкчү болгон 16 өлкө катыша турган саммитке бийликке каршы уюштурулган нааразылык акциялары жолтоо болду.

11-апрелде Таиланддын курорттук шаары болгон Патайядагы АСЕАН же Түндүк-Чыгыш-Азия мамлекеттери бирикмесинин жогорку денгээлдеги саммити нааразылык акцияларына байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Бийликке каршы акцияга чыгышкан жүздөгөн адамдар саммит болуп жаткан имаратка кирип барышып, Патайя шаары көзөмөлдөн чыгып кетти. Маалыматтарга ылайык, саммитке келген лидерлерди тик учактар менен тез арада шаардан чыгарып кетишти.

Буга байланыштуу премьер-министри Абхисит Ветчачива Патайя шаарына жана ага танапташ аймактарга өзгөчө кырдаал киргизди. Анын айтымында, саммитке келген чоң конокторду аман-эсен артка кайтаруу жана шаарга тынч турмуш алып келүү үчүн ушундай кадамдар жасалды:

«Эми менин жана мен жетектеген өкмөттүн милдети бардык лидерлерди аман-эсен өлкөсүнө жөнөтүп, өлкөгө тынч жашоону алып келүү болуп саналат. Ошол себептүү мен Патайя шаарына жана Чонбури облусуна өзгөчө кырдаал киргиздим»,- деди премьер-министр Абхисит Ветчачива.

Бийликтен кулатылган мурдагы премьер-министр Таксин Чиноватанын кызыл көйнөк кийген тарапкерлери 11-апрелде эртең менентен баштап эле саммит өтө турган жайды камалоого ала башташкан. Полициянын тосконуна карабай алардын кыйласы имаратка кирип барышкан.

АСЕАНга кирген Жапония, Австралия, Кытай, Индия, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн лидерлери Патаяда экономикалык маселелер, соода жана аймактык коопсуздук тууралуу сүйлөшүшмөк.

11-апрелдеги Таиланддагы баш аламандык премьер-министр Абхисит Ветчачивага кыйла оор сокку болуп калчудай. Анткени ал бийликке келгенине төрт ай болсо да Таиландда кырдаал жакшырып, тынч турмуш өкүм сүрүп калганын айтып, АСЕАН лидерлерин Патаяда чогулууга көндүргөн эле.

2006-жылы аскерий төңкөрүштө бийликтен кулатылган Таксин Чиноватанын тарапкерлери мындан мурда да Ветчачиванын кызматтан кетишин талап кылып, ар кыл акцияларды уюштурушкан болчу. Бирок Ветчачива бийликтен кетпей турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG