Индекстин түзүүчүлөрү дүйнөдөгү мамлекеттердин рейтингдерин 2005-жылдан бери социалдык,экономикалык,саясий жана аскерий тармактагы түйүндүү он эки чен-өлчөмдүн негизинде аныктап жүрүшөт. Атап айтканда, демографиялык өнүгүүдөгү өзгөрүштөр, өлкө ичинде жер которууга аргасыз болгондор, экономикалык теңсиздик, криминалдык кырдаал, калктын мамлекеттик бийликке ишеними, коопсуздук кызматтарынын коомдогу орду, саясий элитанын абалы жана башка ушул сыяктуу факторлор эске алынат.
Рейтингдин авторлору мунун баарын илимий усулдарга ылайык келген изилдөө деп эсептешет.
Быйыл алардын тизмесинде дүйнөдөгү 178 өлкө төрт топко бөлүнгөн. Аларды кыргызча шарттуу түрдө "жиңкинсиздер", борбуйу боштор","ортомыяндар" жана "каркындуулар" деп атаса болот.
Биринчи топко, б.а. мамлекет деген аты эле болбосо заты анчейин билине бербеген "жиңкинсиз" өлкөлөрдүн сап башында быйыл да Сомали калган. Былтыр андан кийинки орунда Судан турса, быйыл аны Зимбабве алмаштырган. "Жиңкинсиздер" тобуна Ирак, Ооганстан,Пакистан киргизилген.
Булардын соңунан 31-орунда Өзбекстан, 37чи болуп Тажикстан аталган. Алардын ортосуна быйыл Грузия коюлган. Былтыр ага авторлор 56-орун беришкен эле, быйыл анын көрсөткүчү төмөндөтүлүп,34-орунга түшүрүлгөнүнө, кыязы, былтыркы августтагы окуялар себепкер болгон өңдөнөт. Түркмөнстанга 59-орун берилген.
Россия быйыл бир позицияга ылдыйлап, 71-орунга жылган. Ал эми Кытай бир жыл мурдагы 68-орундан он бир тепкичке төмөн түшүрүлгөн. Ага караганда Казакстан менен Украина көрсөткүчтөрү дээрлик элүү баскычка жогорулатылган. Экономикада тургай саясий чөйрөдө өнөкөткө айланган кризистерден арыла албай келаткан Украинаны изилдөөчүлөр Кытайдан алда канча өйдө баалаганы ынанымсыз көрүнөт.
Каркыны күчтүү делинген өлкөлөр тобунда быйыл деле өзгөчө өзгөрүүлөр жок. Норвегия, Финляндия жана Швеция жаңы тизмеде да адаттагыдай эле эң жогорку көрсөтүчтөргө ээ болгон. Бир гана аларга былтыр куйрук улаш турган Исландиянын рейтинги дүйнөлүк экономикалык кризстен улам быйыл бир топ төмөндөп кеткен. Ал быйыл 166-орунга жылдырылган. Андан он баскыч төмөнүрөөк АКШ турат.
Кыргызстанга быйылкы тизмеде 42-орун тийген. Бул былтыркы позицияга салыштырмалуу үч пунктка, мурдагы жылдагыдан бир баскычка өйдө. Кыргызстанга берилген мындай бааны байкоочулар жалпысынан туура дешет.
"Азаттыктын" кабарчысы Шайырбек Эркин уулуна бишкектик эксперт Орозбек Молдалиев: "Биринчи иретте коррупциянын деңгээли, андан тышкары криминалдык элементтердин бийлиикке аралашып кеткени, наркобизнестин күч алып жаткандыгы – ушул өңдүү чен-өлчөмдөн ала келгенде биз ошондой мамлекеттердин катарына кирерибизде калет жок. Экономикадагы абал кризистен чыга элек, иши кылып, биздин стабилсиз мамлекет экенибиз чын",-деп айтты.