Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

TI: Паракорлук –улуттук илдетке айланган...


Дүйнөдөгү жемсөөлүктүн барометри.
Дүйнөдөгү жемсөөлүктүн барометри.

Эл аралык “Transparency International” уюму шаршемби күнү дүйнө өлкөлөрүндөгү паракорлук жөнүндөгү жылдык изилдөөсүн жарыялады. Изилдөө кызмат адамдары алган жалчыбаган пара да элдин бийликке болгон ишенимин начарлатып, менчик бизнеске мурдакы жылдарга салыштырганда эл ичинде ишенбөөчүлүк көбөйгөнүн көрсөткөн.

Жеке ишкерлер өкмөттүн саясатына таасир этүү үчүн кызмат адамдарына ар кандай амал менен пара беришкенин, жалчыбаган суммадагы пара “жарды бүлөлөр үчүн чоң чыгым” экенин “Transparency International” уюму 69 өлкөдө 73 миңден ашуун адам менен
“Сиз өзүңүз же туугандарыңыз өткөн жылы пара берди беле?” деген суроого Азербайжанда суралгандардын 46 проценти, Арменияда 43 проценти “Ооба” деп жооп беришти."
М Маршалл
өткөргөн сурамжылоо кашкайта көрсөткөн.

"Transparency International" уюмунун изилдөөсү-паракорлук өкмөттүк кызматкерлердин иш билбестигинин туундусу экенин көрсөттү.
Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Миклош Маршаллдын айтышынча, көпчүлүк өлкөлөрдө паракорчулукту өкмөттүн начар башкаруусунун туундусу катары түшүнүшөт. Постсоветтик өлкөлөрдө кийинки кезде менчик бизнеске болгон ишенбөөчүлүк да өскөн, дейт Маршалл:

- Азыр көпчүлүк элдин менчик чарбага болгон мамилеси бир нече жыл мурдакыга караганда начарлады жана ага көп ишене беришпейт. Бул менчик сектор үчүн маанилүү белги. Эл коомдук сектордогу жемсөөлүккө нааразы жана ал үчүн менчик сектор да жооптуу дегендер көбөйүүдө.

“Дүйнөдөгү жесөөлүктүн барометри” деп аталган изилдөө Кыргызстанда өткөрүлгөн эмес. “Transparency International” уюмунун жетекчилеринин бири Робин Ходесс айым Армения, Азербайжан жана Россиядагы сурамжылоонун жыйынтыгна таянып : “Биз көргөндөй, мурдакы советтик өлкөлөрдүн калкы бир нече жыл мурдакыга караганда паракорлук өсүп кетти деп тынчсызданышат”, - деди Кыргызстандагы паракорлуктун деңгээли тууралуу суроого.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, Армения, Азербайжан жана Россияда майда-барат суммада пара берүү Уганда, Кампучия жана Сьера-Леонедеги сыяктуу кеңири жайылган. Азербайжандардын, армяндардын жана россиялыктар үчүн паракорлук эң чоң көйгөй. Маршаллдын сөзүнчө, Армения жана Азербайжанда бийлик адамдары арасындагы жемсөөлүк да терең тамырлап кеткен:

–“Сиз өзүңүз же туугандарыңыз өткөн жылы пара берди беле?” деген суроого Азербайжанда суралгандардын 46 проценти, Арменияда 43 проценти “Ооба” деп жооп беришти. Бул көрсөткүч дүйнө боюнча орточо 13 процентке барабар. Мунун өзү Азербайжан менен Арменияда жемсөөлүк улуттук илдетке айланганын күбөлөйт.

Сурамжылоо эл ичинде менчик секторго болгон ишенбөөчүлүктүн өсүүсү менен бирге дүйнөдө саясый партиялардын кадыр-баркы төмөндөп баратканын көрсөтөт. “Сурамжыланган адамдар саясый партияларды өлкө ичиндеги өтө коррупцияланган институттардын бири деп санашат”, деп айтылат “Global Corruption Barometr” деп аталган жылдык изилдөөдө.

XS
SM
MD
LG