Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Кургак учук ар бир секундда бирден адамга жабышат


Туберкулездун микробактериялары
Туберкулездун микробактериялары

24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ар бир секундда дүйнөдө бир киши бул балакет ооруну жуктуруп алат.

Бул күнгө карата жасаган кайрылуусунда Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун кургак учуктун жайылышына бөгөт коюуу аракеттерин улантуу, глобалдуу экономикалык кризис маалында саламаттыкты сактоо тармагына салынган инвестицияларды коргоо керектигин белгиледи

Пан Ки Мун Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө байланыштуу жасаган кайрылуусунда ар бир 20 секундада дүйнөдө бир адам бул дарттан көз жумаарын айтып, өкмөттөр ага каршы аракеттерин күчөтүшү абзел деп айтты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, кургак учук эң көп Африкада жана Түштүк Чыгыш Азияда кездешет. 2005-жылы бул илдеттен дүйнө жүзүндө 1,6 миллиондой адам каза тапкан. Мындан 3 жыл илгери уюм кургак учукка каршы жаңы стратегияны иштеп чыккан.

Кыргызстанда бул илдет менен 8 миңдей киши каттоодо турат. Кургак учуктун жайылышына бөгөт коюу иштери өлкөдө кандай абалда экендигин "Азаттыкка" Бишкектеги Кургак учук институтунун директору Автандил Алишеров айтып берди.

- 2008-жылы 5 миң 300дөй киши кургак учук менен жаңыдан ооруп калды.

- Бул көппү же азбы?

- Мындан 6-7 жыл мурда жылына 7 миңдей киши жуктуруп алчу илдетти. Оорунун азайып атканы билинип атат.

- Дүйнөдө ар бир 20 секундада кургак учук 1 адамдын өмүрүн алып кетет экен. Кыргызстанда бул көрсөткүч кандай?

- Бизде 1 жылда 600гө жакын киши майып болот кургак учуктан. Мындан 7-8 жыл мурун бул көрсөткүч 1 миң 200гө жакын болчу. Алардын үчтөн бири– абакта жаткандар.

- Ал эми эмдөө иштери кандай жүрүүдө?

- Манту эмдөөсү жасалат. Жылына туберкулин дарысы алынат. Ошону мектептерде жазга маал анан күзүндө жасашат.

- Сиз абактарда көп жолугат дедиңиз бул илдет. Калктын кайсы катмарлары көп чалдыгышат бул ооруга. Аны социалдык оору деп коюшат го.

- Мисал үчүн Союз мезгилинде жакшы шартта жашаган адамдар, интеллигенция азырак ооручу. Көбүнчө шахтада, базарларда иштегендер, анан абакта жаткандар ооручу. Тилекке каршы, азыркы күнү, акыркы 10 жылдын ичинде шарты жакшы, жакшынакай жашагандар да ооруп атат. Себеби айланада ооруну жугузган адамдардын саны көбөйүүдө.

- Кургак учук менен оруган адам түрмөдөн чыккандан кийин каттоого тургузулуп, көзөмөлгө алынабы?

- Кургак учукка каршы күрөшүү мыйзамында тийшелүү берене бар. Бир жуманын ичинде ошол киши милицияга келип катттого турса, милиционер аны ооруканага алып барып каттатышы керек. Бул мыйзам 100 пайызга эмес, 50-60 эле пайызга аткарылууда.

Акыркы кездери эларалык уюмдардын жардамы менен бул маселени чечүү жакшырды. Бирок мен кечээ жакында болгон мисалды келтире кетейин. 5 кишини жаткырдык эле, 1 сааттан кийин үчөө кетип калды дарыланбайбыз деп.

Ошон үчүн биз Кылмыш-Жаза кодексине өзгөртүү киргиздирип жатабыз. Жугуштуу ооруга чалдыккан адам дарылануу жөнүндө көрсөтмөгө баш ийбесе, күчкө салып дарылантабыз.

Экинчи ирет баш ийбесе, атайын бейтапканаларга жаткырабыз. Ал жерлер милиция менен кайтарылат. Андан да баш тартып, качышса, анда ал адам мыйзам алдында жооп берет.

- Кыргызстандын кайсы аймагында эң көп жолугат кургак учук?

- Негизинен Бишкек шаары жана Чүй облусу биринчи орунда турат оорулардын саны боюнча. Себеби элдин бардыгы ушул жакка келип атпайбы. Шаардын тегерегинде, базарлардын айланасында, Дордой, Аламүдүндө катттосу жок, эптеп келип жашап жаткандар көп болуп атат.

















:
XS
SM
MD
LG