Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

"Геноцид" талашынан армян мигранттары жабыркашы ыктымал


Түрк өкмөт башчысы Тайып Режеп Эрдоган (архивден)
Түрк өкмөт башчысы Тайып Режеп Эрдоган (архивден)

Армениянын расмий адамдары Түрк өкмөт башчысынын армян мигранттарын өлкөдөн чыгарып салышыбыз мүмкүн деген эскертүүсүн айыпташты. Кээ бирлер аны адам укуктарын бузуу деп аташса, башкалары курулай сөз деп сыпатташууда.

Түркия менен Армения былтыр күзүндө өз ара мамилелерди жакшыртууга багытталган келишимге кол коюп, бирок эки өлкөнүн тең парламенттери аны бекитише элек.

Ай башында АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитети, көп узабай Швеция парламенти Осмон империясы тушундагы армяндардын массалык өлтүрүлүшүн “геноцид” деп тааныган резолюцияларды кабыл алышкан эле.

Анкара нааразылык иретинде Вашингтон жана Стокголмдогу элчилерин чакыртып алган. Би-Би-Синин түрк тилиндеги кызматынын ошол резолюциялар жөнүндө суроосуна жооп берип жатып, Режеп Тайып Эрдоган түрк жараны болбогон 100 миңге жакын армян өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн деп билдирди. “Керек болсо, мен аларга: “кана, өз өлкөңөргө кайткыла”, - деп айта алам. Аларды биздин өлкөдө кармап турууга милдеттүү эмесмин”, - деди Эрдоган.

Армениянын өкмөт башчысы Тигран Саркисян мындай билдирүүлөр ортодогу мамилелердин жакшырышына салым кошпойт деген пикирде. Ал эми диаспора иштери боюнча министр Хрануш Хакобян "Азаттыктын" кабарчысы менен маегинде мындай сөздөрдү адам укуктарын бузуу деп эсептээрин айтты:

- Эч кимге тигил же бул жерде жаша деп таңуулай албайбыз. Бул деген адам укуктарын бузуу болуп саналат. Экинчиден, бул – дагы бир көнүмүш негизсиз билдирүү. Армян диаспорасы тукум курут жөнүндө элди кабардар кылуу күрөшүн мындан ары да уланта бермекчи.

Ошол эле маалда айрым жетекчилер Эрдогандын сөздөрүн курулай коркутуп-үркүтүү катары баалашты.

- Бул эч качан ишке ашпай турган жөн гана саясий мүнөзгө ээ билдирүүлөр. Буга байланыштуу биздин мамлекеттин туруму кандай болот деп суроонун деле кереги жок, - дейт юстиция министри Геворг Данелян.

Түркиянын башкаруудагы АК партиясынын тышкы иштер боюнча маалымат өкүлү Суат Кыныклыоглу айтымында, Эрдоган бүгүн же эртең жасала турган иш жөнүндө кеп кылган жок.

Түркияда армениялык канча эмгек мигранты жашаарын так айтуу кыйын. Евразия шериктештик фондунун маалыматына ылайык, ал жерде мыйзамсыз иштеп аткан армяндардын саны 12 миң - 13 миң ортосунда болушу мүмкүн. Бул маалымат былтыр жыл этегинде Түркияда чыгуучу "Заман" гезитинде жарык көргөн.

Сөз болгон интервьюда Эрдоган ошондой эле АКШ жана Швециянын соңку кадамдары Армения-Түркия мамилелерин жакшыртуу аракеттерине залкасын тийгизиши ыктымал деп белгиледи. Андай резолюциялар армян элине да зыян алып келүүдө, бардык аракеттер туңгуюкка такалууда, - деди түрк өкмөт башчысы.

Былтыр октябрда эки өлкө өз ара алакаларды оңдоого багытталган келишимге кол коюшкан. Бирок парламенттер ал документти жактырыша элек.

16-мартта Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян Анкара геноцид маселеси нормалдаштыруу жараянын кечеңдетип жатат деген айыптоолорго жамынып, Түркиянын бут тосууларын жашырып жатат деп айткан. Эрдоган болсо резолюциялардын артында АКШ жана Батыш Европадагы армян диаспорасы турат деп сындады.

Анын аралыгында Арменияда жүргөн орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл 17-мартта “Геноцид эстелигине” гүл койду жана курман болгондордун арбайына арнап таат окуду.

Армения 1 жарым миллиондой армяндын кырылышын тукум курут деп таанууну Түркиядан талап кылып келатат. Бирок Түркия өкмөтү Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын массалык өлтүрүлүшү орун алганын моюнга алуу менен Осмон империясы ыдыраган кезде көп сандагы түрктөр да каза тапканын, өлгөн армяндардын саны өтө эле ашырылып жатканын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG