Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Түркия менен Армениянын мамилелери көңүл чордонунда


Батыш басма сөз каражаттарында Түркия менен Армениянын Цюрихте дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүү жана чек араны ачуу жөнүндөгү протоколдорго кол коюшу негизги темага айланды.

11-октябрдагы санында Washington Post гезити “АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун акыркы мүнөттө кийлигишүүсүнөн улам Армения менен Түркия өз ара дипломатиялык алакаларды түзүү тууралуу келишимге кол коюшту” деп жазды. “Акыркы мүнөттөрдө пайда боло калган кризис - эки өлкөнүн бири бирине карата көкүрөгүндө сактаган шектенүүнүн жана эки тараптын парламенттеринен өтө турган кыйын жолдун жышааны болуп эсептелет” деп айтылат макалада.

Los Angeles Times гезити эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык байланыштын түзүлүшү - Кавказ аймагындагы тирешүүнү азайтып, аймактын Батышка карай энергетика тармагындагы ролун арттырууга үлүшүн кошо турганын жазган.

Лондондун The Guardian гезити “Армения менен Түркия эки ортодогу кылымдан бери уланып келаткан касташууну соңуна чыгаруучу жана эки өлкөнүн байланыштарында бурулуш учур болуучу бир келишим түзүштү” деп жазып, бул келишимдин алкагында, 1-Дүйнөлүк согуш маалында болгон окуяларды иликтеп чыга турган орток комиссиялар түзүлө турганын эске салат.

Financial Times “Армения менен Түркия келишим түздү, бирок алардын алдында тымызын коркунучтар бар” деген тема менен жарыялаган макаласында, протоколдордун ишке ашырылуусунда кыйынчылыктардын келип чыгары, аларга кол коюу учурунда жаралган кризистен эле даана белгилүү болуп калганы билдирилет.

Испаниянын El Pais гезити “адистердин баамында, бул тарыхый келишим эки тарапка бирдей пайда алып келмекчи. Түркия бул аркылуу Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүн алгалатса, Армения эл аралык коомчулук менен байланышын бекемдейт. Анан сырткары протокол Каспийдин газ жана мунайын Батышка алып чыгууда чоң стратегиялык мааниге ээ” деп билдирген.

“Түркия менен Армения тарыхый кастыкты соңуна чыгарган бир келишимге кол коюшту” деп жазган El Mundo болсо, Европа Кеңеши бул протоколдорго кол коюлуусун Түштүк Кавказда тынчтык жана туруктуулукка карай көрөгөөч ташталган кадам катары баалаганын билдирген.

Түркиянын Hürriyet гезити “Түркия менен Армениянын ортосундагы 1994-жылдан кийин дипломатиялык алака түзүүнүн жолун ача турган келишимдерге тышкы иштер министрлери Ахмет Давутоглу менен Эдуард Налбандян араң кол койо алышты” деп жазса, Sabah гезити “тынчтык кризисти жеңип чыкты. Акыркы мүнөттө келип чыккан кризиске АКШнын мамкатчысы менен Швейцариянын тышкы иштер министри кийлигишип, 3 сааттан кийин жаңжал жолго салынды” деп көрсөткөн.

Vatan гезити келишимдерге кол коюлуусун “кысым астындагы никелешүү” деп сүрөттөсө, Cumhuriyet акыркы мүнөттө келип чыккан жаңжалдын чоо-жайын иликтеп, келишимдерди “оор протокол” деп атаган.
XS
SM
MD
LG