Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Түркия-Армения: Жарашуу келишими


Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян жана Түркиянын башкы дипломаты Ахмет Давутоглу тарыхый келишимге кол коюуда
Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян жана Түркиянын башкы дипломаты Ахмет Давутоглу тарыхый келишимге кол коюуда

Түркия менен Армения 10-октябрда Цюрихте дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүү жана чек араны ачуу жөнүндөгү протоколдорго кол коюшту. Азербайжан Түркиянын бул кадамын катуу сынга алууда.

Швейцариянын арачылыгы менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр 6 аптага созулду. Натыйжада Түркия менен Армениянын дипломатиялык алакасын жандандыруу тууралуу келишимге ишембиде Цюрих шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кол коюшту.

Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян жана Түркиянын башкы дипломаты Ахмет Давутоглу кол койгон келишимди эми эки өлкөнүн парламенттери жактырууга тийиш.

Кол коюу салтанатына АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер өңдүү чет өлкөлүк жогорку даражалуу расмий адамдар катышты.

Документте эки өлкөнүн дипломатиялык алакасын калыбына келтирүү жана чек араны эки айдын ичинде ачуу жагы каралган.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллер эки протокол тең абдан маанилүү дейт:

- Биринчи документте эки өлкөнүн нормалдуу дипломатиялык мамиле түзүү ниети чагылдырылат. Жөн эле дипломатиялык алака эмес, бекем, коңшулук мамиле түзүү ниети. Экинчи протокол ошондой алакалар орногондон кийин жасала турган кадамдар кандай болуу керектигин аныктайт.

Азербайжан келишимге байланыштуу боордош Түркияга ачууланганын жашырган жок. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги армян күчтөрү өлкөнүн оккупацияланган аймактарынан чегин электе Түркия менен Армениянын келишимге кол коюушу “Азербайжандын кызыкчылыктарына каршы келет” деп билдирди.

"Бул кадам Түркия менен Азербайжандын тарыхый тамырларга таянган бир туугандык мамилелерине көлөкө түшүрөт. Түркия менен Армениянын чек арасын бир тараптуу түрдө ачуу региондогу бейпилдик менен стабилдүүлүккө залакасын тийгизет, - деп эсептейт расмий Баку.

Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттин көрүнүшү , 2008-жыл
1993-жылы Түркия Азербайжанга колдоо көргөзүү иретинде Армения менен мамилелерин үзүп, чек арасын жаап салган. Ал кезде Азербайжан Тоолуу Карабак анклавын көзөмөлдөө үчүн армян жикчилери менен согушуп жаткан. Армян күчтөрү азерилердин аскерлерин сүрүп чыгып, ал урушта 30 миңдей киши каза тапкан.

Баса, ишембиде Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения президенти Серж Саркисян менен Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктаганын билдирген. Президенттер Кишиневдо КМШ жыйыны учурунда жолугушкан.

Европа комиссиясы Түркия менен Армениянын макулдашуусун кубаттап, бул кадам Түштүк Кавказдагы жалпы кырдаалдын жакшырышына салым кошот деген баасын берди. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму “тарыхый келишимге” колдоосун билдирди.

Протоколдорго кол коюу пландалгандан кеч өттү. Дипломаттардын айтымында, Армения Түркия кол коюу аземинен кийин жасай турган билдирүүнүн текстине макул эместигин билдирген. Айрым кабарларга караганда, Клинтон эки өлкөнүн өкүлдөрүнө келишим өтө манилүү экенин эскертти. Мамкатчы бир нече жолу телефондон президент Барак Обама менен акылдашып турганын айтты.

Лиз Фуллердин айтымында, кол коюунун кечеңдеши маселенин канчалык сезимтал экенин далилдейт:

- Серж Саркисяндын Республикалык партиясы Армения парламентинде көпчүлүктү түзгөнү менен бул протоколдор Түркиянын пайдасында түзүлгөн деген ой кеңири тараган. Түрк парламенти болсо Карабак жаңжалында олуттуу компромисске жетишилмейниче, келишимди ратификациялабай коюшу ыктымал.

Армения Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда 1 миллиондой армяндын өлтүрүлүшүн геноцид деп атап жүрөт. Бул пикирге Батыштын айрым тарыхчылары кошулушат. Ереванда жума күнү 10 миңдей киши келишимдин кол коюлушуна каршылыгын билдирип демонстрация өткөрүштү.

Түркия болсо анын дарегине айтылган айыптоолорду чекте кагып, армяндар башка улуттардын өкүлдөрүндөй эле Осмон империясынын соңку күндөрүндө өкүм сүргөн баш аламандык маалында өлгөн деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG