Өткөн аптанын жума күнү Стамбул соту отставкадагы эки генералды – Четин Доган менен Энгин Аланды дастания маалында камакта кармоого көрсөтмө берди. Булардын биринчиси учурунда Биринчи армияга, экинчиси өлкөнүн атайын күчтөрүнө командачылык кылышкан. Эки генерал тең мечиттерди жардырып, Адилет жана өнүгүү партиясы түзгөн өкмөттү кулатып, аскерий төңкөрүш жасоону пландашкан деп айыпталды.
Догандын адвокаты Селал Ургер соттун бул көрсөтмөсүн сынга алды.
"Сот Четин Доган менен Энгин Алан камакка алынат деп чечти. Баарыдан мурда мен айткым келет: Түркиянын сот бийлигинде олуттуу проблемалар бар. Сот системасы өтө чоң коркунучка кабылды", -деп айтты адвокат журналисттерге.
Эске сала кетели: кеп жети жылдай мурдагы иш жөнүндө болуп жатат. 2003-жылы Режеп Тайып Эрдоганды жана анын өкмөтүн бийликтен кулатуу үчүн кутумчулук план түзүлүп, бирок ал белгисиз себептерден улам ишке ашпай калган экен.
Камалгандар жана кармалгандар коюлган бул айыптарды караманча четке кагып жатышат. Армияга каршы мындай масштабдуу өнөктүк азыркы Түркиянын тарыхында болгон эмес. Тескерисинче, өлкөнүн өнүгүү саясатын генералитет аныктап келген. Бирок соңку жылдары Режеп Эрдоган бир катар мыйзамдарды парламенттен өткөрүп, армиянын ички саясий турмуштагы таасирин чектегенге жана өзгөрткөнгө жетишти.
"Эч ким мыйзамдан өйдө тура албайт, эч ким кол тийгис деп саналбайт, эч кимдин артыкча укугу жок", -деп билдирди ал жума күнү телеканалдагы сөзүндө.
Аскери кишилерди массалык түрдө камакка алып, өкмөт армиянын кадырын кетиргенге умтулуп жатат деген сын пикирлерди четке кагып, Эрдоган Түркияда "алдыңкы демократия" жаралып келатканын жарыялады жана анын алгачкы кадамдарын куттуктады.
Кутумчулардын планы тууралуу Taraf гезити январда жазып чыккан соң аларга каршы иш козголо баштады. Акыркы маалыматтарга таянсак, ушул күнгө чейин баары болуп алтымыштай киши кармалды, алардын басымдуу көпчүлүгү аскер адамдары.