Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Түркия: референдум алдында берилген убадалар


Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган

12-сентябрда боло турган референдумду утурлап, Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган күрт улутундагы кишилер басымдуу жашаган Диярбакыр шаарында уюуштурулган жыйында сөз сүйлөдү.

Эрдоган ынтымак жана тынчтык темасына басым жасап, күрт улутундагыларды референдумда “ооба” деп добуш берүүгө үндөдү.

3-сентябрда премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн чыгышындагы күрттөр басымдуулук кылган Диярбакыр шаарындагы жыйында Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу маалымат берди.

Күрттөрдүн БДП партиясы референдумга бойкот жарыялагандыктан Эрдогандын 3-сентябрда жыйында сүйлөгөн сөзү медиа каражаттарынын түрткүлөөсү менен акыркы күндөрү элдин бүйүрүн кызыткан башкы темага айланып калган эле. Бирок өкмөт башчысы өз сөзүндө күрттөр менен түрктөрдүн ортосунда кылымдардан бери бузулбай сакталып келаткан бир туугандык жана биримдик сезимдерине басым жасап, БДП партиясы талап кылып келаткан автономия маселеси тууралуу эч нерсе айткан жок.

“Өлкөнүн 81 вилаети - биздин вилаетибиз. 73 миллион киши менин уялаш бир туугандарым болуп эсептелет. Түрктөрү, күрттөрү, арабы жана башкалары менен 73 миллион киши менин уялаш бир тууганым болуп эсептелет” деген Эрдоган, Осмон империясынан бери түрктөр менен күрттөрдүн ортосунда ар дайым ынтымак болуп келгенин белгиледи.

Өкмөт башчы акыркы жылдары күрт улутундагылардын башынан өткөн айрым жагымсыз окуяларга да токтолуп, бийликчил АК партиясы өлкөдө демократиялашуу жараянын баштаганын, анын алкагында күрттөрдүн укук жана эркиндиктери да өлкөнүн башка улуттагы калктардын деңгээлине көтөрүлө турганын бышыктады. Ал 1980-жылдагы аскердик төңкөрүштөн кийин дээрлик күрт активисттер камалып, оор кыйноолор, ур-токмокко алуулар орун алган Диярбакыр түрмөсүн жаап, анын ордуна музей тургузула турганын кошумчалады.

Диярбакыр шаарындагы жыйында күрттөр талап кылган автономия же Күрт жумушчулар партиясынын согушчандарына мунапыс берүү тууралуу сөз болгон жок. Оппозициялык партиялар, анын ичинде БДП партиясы өкмөт башчынын жыйындагы сөзүнө ар кандай өңүттөн баа беришти.

Күрттөрдүн референдумга бойкот жарыялаган БД партиясынан парламентте депутат Бенги Йылдыз “өкмөт башчынын сөздөрү бизди таң калтырган жок” деп, жыйынга катышкандардын саны күтүлгөндөн аз болгонуна көңүлдү бурду:

- Бул жыйын кудум көчмө мектепке окшошуп калды. Батман, Сиирт, Мардин жана аймактын айрым шаарларынан Диярбакырга адамдарды жыйнап алып келишиптир. Иш жүзүндө өкмөт башчысы ал жерде айткандарынан алда канча көп нерселерди 8 жылдан бери эле айтып келатат.

Оппозициядагы Жумуруят калк партиясынын төрагасынын орун басары Үмүт Оран да
митингге катышкандардын санынын аз болгонун билдирди:

- Митингге аз адамдардын катышканы өкмөт башчыга болгон ишеним барган сайын азайып баратканынан кабар берет. Анткени ал акыркы убактарда өзүнүн боюнан ашкан убадаларды берешендик менен берип, аларды ишке ашыра албай келди.

Өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өз сөзүндө дээрлик демократиялашуу жараянына басым жасады. Бирок анын сөзүн утурлай Стамбул шаарынын соту ПККнын абакта отурган колбашчысы Абдулла Өжаландын сүрөтүн жана партиянын желегин чыгарганы үчүн “Рожев” аттуу күрттөрдүн мезгилдүү басылмасын бир айга жаап салуу тууралуу өкүм угузду. Мындан бир күн мурда түштүктөгү Мерсин шаарында да ушундай эле себеп менен күрт тилинде чыгуучу гезиттин жаңы санын чыгарууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG