Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Түркия Иран менен Батыш ортосунда арачы болобу?


Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу жана Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки.
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу жана Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки.

Тегеран Батыш өлкөлөрү менен өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу чатакта Түркия арачылык кылууга даяр. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу билдирди.

Министрдин билдирүүсү дипломатиялык чөйрөдө кызуу талкууну жаратканы менен, бул демилгенин ишке ашып калуусунан шек санагандар да арбын.

Тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттакинин чакыруусу менен аптанын акырында Иранда болуп, жетекчи чөйрөлөр менен, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Саид Жалили жана президент Махмуд Ахмединежад менен жолугушту.

Сирия-Израил жана Сирия-Ирак ортосундагы арачылык тажрыйбасына таянуу менен Давутоглу 13-сентябрда Моттаки менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу чатактын тез арада чечилүүсү үчүн Түркия арачы болууга даяр деди. Ирандын тышкы иштер министри Моттаки буларды айтты:

- Өзөктүк программа боюнча чатакты чечүү үчүн Ирандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германиядан турган “5+1” тобуна жолдогон сунуштары сүйлөшүүлөрдүн башталуусуна өбөлгө түзүшү ыктымал.

Маалыматтарга ылайык, Иран бийлиги өзөктүк программага байланыштуу чатакты чечүү максатында август айында “5+1” тобуна берилген сунуштардын оңдолуп чыккан версиясынын нускасын Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглуна тапшырышкан.
Давутоглунун Тегерандагы сапары маалында өз ара экономикалык байланыштар, жикчил Күрддөрдүн жумушчулар партиясына каршы күрөшүүдө кызматташтыкты бекемдөө маселелери жана энергетика кызматташтыгы да талкууга алынды. Бирок бул сүйлөшүүлөрдүн чордонунда Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселе болду.

Октябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Ирандын өзөктүк программасы талкууланмакчы. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн бири болгон Түркия, Иран менен Батыштын ортосунда ортомчулук кылууну мурда да сунуш кылган. Бирок Тегеран Анкаранын сунушун кабыл алган эмес.

Анкаранын сүйлөшүүлөрдө арачы болуу демилгесине Вашингтон азырынча пикирин билдире элек. 14-сентябрда Евробиримдиктин лидерлеринин бири Хавиер Солана Брюсселде Иран менен “5+1” тобунун ортосундагы сүйлөшүүлөр Түркияда өтүшү ыктымал болгонун айтты.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу Тегеранда Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен да жолукту. Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы тууралуу Батыш менен эч качан сүйлөшпөй турганын кайталаган Ахмединежад, Иран өзөктүк программаны тынчтык максатта өнүктүрүүгө укугу болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG