Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Түркия: ПКК менен сүйлөшүүлөр болбойт


Жай мезгилинин келиши менен Түркияда ПКК жикчил уюмунун террордук иш аракеттери кыйла күчөдү. Уюмдун өкүлдөрү Ирандан Түркияга табигый газ алып чыккан куурду жардырды.

Күрттөрдүн Жумушчу партиясы (ПКК) акыркы эки айдын ичинде Түркиядагы террордук иш аракеттерин алда канча күчөтүп, “Демократиялык демилге” деп аталган программа менен өлкөдө жашаган күрт улутундагылардын укуктарын кеңейтүүнү пландаган өкмөттү ыңгайсыз абалга такады.

ПКК бир гана аскердик объекттерге эмес, өлкөнүн экономикасына да зыян тийгизүү үчүн чабуулдарды уюштура баштаганы байкалат. 20-июлда жикчил уюм Ирандын табигый газын Түркияга алып чыккан куурду жардырып, анын жабылып калуусуна себепчи болду. Бул болсо кийинки жылы өткөрүлө турган шайлоолордун алдында, эл арасында күчөп бараткан улутчулдук сезимдерин эсепке алуу менен, өкмөттү ПККга каршы катуу турумга өтүүгө аргасыз кылгандай.

Мурат Карайылан
21-июлда ПККнын Ирактын түндүгүндөгү Кандил тоолорунда бекинген жетекчиси Мурат Карайылан БиБиСи үналгысына маек куруп, эгерде түрк өкмөтү атышууларды токтотууга макул болуп, күрт саясатчыларды куугунтуктабаса ПКК БУУнун көзөмөлү алдында куралдарын таштоого даяр экенин билдирген.

- Күрт маселеси демократиялык маанайда диалог жолу менен чечиле турган болсо куралды таштоого даярбыз. Эгерде түрк өкмөтү буга көнбөсө биз бир тараптуу көз карандысыздыкты жарыялайбыз.

Адистердин пикиринде, бир тараптуу жарыялана турган эгемендүүлүк Түркияны катаал чарага түртүшү ыктымал. Түркия жана бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ ПККны террордук уюм катары тааныган. Түрк өкмөтү акыркы жылдары күрт улутундагылардын укуктарын кеңейткен бир катар кадамдарга барган. Мамлекеттик сыналгы, үналгы компаниялар өткөн жылдан тарта күрт тилинде берүү уюштура баштады.

Акыркы эки айдын ичинде ПККнын согуштук аракеттерин күчөтүүсү өкмөт жасаган кадамдарды жокко чыгарып, армия өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында аскердик операцияларын кеңейтти. Эки айдын ичинде ПККнын чабуулдарынан 47 жоокер набыт болду. Армияга караштуу аскерий учактар Ирактын түндүгүндөгү ПККнын лагерлерин аткылап, натыйжада көптөгөн согушкерлер өлтүрүлгөнү кабарланууда.

ПККнын жакында эле тараткан билдирүүсүндө миллиондогон туристтер келген курорттук шаарларга да террордук чабуул жасала турганы айтылат. Өкмөт болсо өлкөнүн түштүк-чыгыш чек араларын коргоо жана ПКК менен күрөшүү максатында атайын машыктырылган аскер бөлүктөрүн түзүү планын ишке ашыра баштады.

Адистердин пикиринде, расмий Анкара куралдарды таштоо жөнүндөгү ПККнын акыркы билдирүүсүнө кулак төшөбөйт. Түрк өкмөтү бүгүнкү күнгө чейин куралдарды таштамайын жикчилер менен эч кандай соодалашуу болбой турганын билдирип келет. Ушундан улам өлкөдө быйыл да аскердик аракеттер улана турган шекилдүү.

XS
SM
MD
LG