Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Түркия АКШ менен Иракты чечкиндүү кадамдарга үндөдү


28-июлда Анкарада өткөн жыйында Түркия АКШ менен Иракты “Күртистан жумушчулар” партиясына каршы күрөштө “чечкиндүү кадамдарды” жасоого үндөдү.

Анкара калаасында Түркия, АКШ жана Ирак өткөн ноябрда жикчил “Күртистан жумушчулар” партиясына каршы күрөшүүдө кызматташуу максатында түзүлгөн биргелешкен комитеттин 3-жыйыны өттү.

Жыйынга Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай, Ирактын улуттук коопсуздук министри Ширван Ал Ваили жана АКШнын Ирактагы эл аралык коалиция күчтөрүнүн командачысынын орун басары, генерал Стивен Хаммер катышты. Жыйындан кийин өткөн маалымат жыйынында Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай бул кырдаалда жетишерлик кадамдар күтүлүп жатканын айтты:
- Өз эркибиз менен баштаган бул жараян жана үчөлтөк механизмден сырткары бул маселени чечүүгө багытталган иштерибиз уланууда.

Бешир Аталай жыйын учурунда террорчулукка каршы күрөш жана жикчил уюмдун Ирактын жериндеги иш-аракеттерин токтотуу максатын күткөн кызматташтыкты чыңалтуунун жолдору талкууланганын билдирди.

Түркия бир нече жылдан бери Иракты өз аймагындагы жикчил “Күрт жумушчулар” партиясынын жолдорун бууп, уюмдун жетекчилерин өткөрүп берүүгө үндөп келе жатат. Бирок Ирактын өкмөтү Анкаранын үндөөлөрүнө кулак салган жок.

Ирактан барган делегациясынын башчысы Ваили Ирак бийлиги “Күрт жумушчулар” партиясын өлкөдөнө чыгаруу иштери улантыларын белгилеп, “биз биргелеше иштөөнү улантып, диалогду ачык калтыра берсек, көздөгөн максатка жетерибизде эч кандай күмөн жок” деди.
Түркиянын өкмөтү жакын арада “күрт маселесин” чечүү максатында бир катар жигердүү демилгелерин жарыялары күтүлүүдө. Өткөн айда Түркиянын президенти Абдулла Гүл “өлкөнүн эң башкы проблемасы - күрт маселесин чечүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктөр бар” деп айткан:

- Биз өзүбүздүн ички маселелерибизди канчалык өзүбүз чече алсак ошончолук жакшы болот эле. Ар ким “мен бул өлкөнүн абийирдүү жаранымын” деп айта ала турган жагдайды кандай жаратабыз? Сөз мына ушунда.

XS
SM
MD
LG