Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Түркия: жикчил партия менен күрөш уланат


Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай
Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай

Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал Рей Одиерно Күрттөрдүн Жумушчу партиясы тууралуу маселени сүйлөшүү максатында Анкарага иш сапары менен барды. Сүйлөшүүлөрдө генерал бул маселенин тез арада чечилүүсүнө АКШ ынтызар экенин билдирди.

Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал Рей Одиерно, Ирактын түндүгүндө жайгашкан жикчил партияга каршы күрөшүүнүн чараларын иретке салуу максатында 3-февралда Анкарада түрк бийлиги менен сүйлөштү.

Генерал адегенде Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай менен сүйлөштү. Кабарларга караганда, Бешир Аталай америкалык генералдан жикчил партиянын мүчөлөрүн Ирактын түндүгүнөн кууп чыгарып, партиянын жетекчилерин Түркияга өткөрүп берүү үчүн алгылыктуу кадам жасоого чакырды.

Жолугушуудан кийин министр Бешир Аталай америкалык генерал менен жикчил партияга каршы көрүлө турган конкреттүү чаралар талкууланганын билдирди.

Генерал Рей Одиерно “Түркия АКШнын күчтүү шериктеши болуп эсептелет. Террорчулукка каршы биргелеше күрөш жүргүзүүгө болгон ынтызарыбыз күчтүү” деди.

Рей Одиерно Ирактагы америкалык аскерлердин башчылыгына келген учурдан бери, жикчил партияга каршы күрөш бир гана аскердик чаралар менен бүтпөй турганын айтып келет:

- Террорчу уюмдун бир өлкөнүн жеринде туруп кошуна бир өлкөнүн жерине чабуул койуусуна уруксат бербей турганыбыз тууралуу бардыгыбыз бирдей пикирдебиз. Биз бул уюмга кысым жасап, аны сүйлөшүүлөргө мажбурлашыбыз керек.

Бирок Түркия эч качан террорчул уюм менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирип келди. Ошондон бери өткөн убакыттын ичинде генерал Одиернонун пикири алмаштыбы, айтор бул аптада ал Анкарада айткан сөзүндө Күрттөрдүн Жумушчу партиясын жок кылуу үчүн саясий жана экономикалык чараларды тактап чыгуу тууралуу билдирди.

Ушундан улам Вашингтон өткөн жылы жайында Анкарада Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын башында туган топ иштеп чыккан “демократиялуу демилгени” колдоп жаткандай сезилет. Ал демилге өлкөдө жашаган күрт жарандардын укуктарын кеңейтүү менен катар, аскерий операцияларга катышпаган партиянын мүчөлөрүнө мунапыс жарыялоо каралган. Бирок оппозициянын каршы болуп жатканынан улам ал демилге бүгүнкү күнгө чейин токтоп келет.

2008-жылы америкалык аскерлердин Ирактын түндүгүндөгү түрк аскерлеринин кароол пунктуна басып кирип, 11 түрк аскерин башына мүшөк салып кармап кетүү буйругун бергендиги менен таанылган генерал Одиернонун саякатка келүүсү, өлкөдө айрым топтордун нааразылыгын жаратты.

“Элдик боштондук” партиясынын мүчөлөрү Анкаранын борбордук аянтына “АКШ Жакынкы Чыгыштан жогол” деген ураандарды көтөрүп чыгышты. Алар 2003-жылкы окуяны эске салып, өкмөттү ошол окуяга тийиштүү жооп бере албаганы үчүн айыпташты.

Генерал Одиерно иш сапары маалында түрк армиясынын штабынын төрагасы, генерал Илкер Башбуг менен да жолугушту.

XS
SM
MD
LG